banner

ИИУ КЭУ жамааты Муратбек Касымалиевди жогорку ийгилиги менен куттуктайт!

Новости 16:30 18.01.2023

ИИУ КЭУ жамааты Муратбек Касымалиевди жогорку ийгилиги менен куттуктайт!

Профессор А.Молдокулов атындагы улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин жетекчиси М. Касымалиев Кыргызстандагы мектеп директорлорун тандоо сынагында республика боюнча 100 балл алган жалгыз мектеп директору болду. Белгилесек, өткөн жылы этап-этабы менен жүргүзүлгөн конкурста бул көрсөткүчкө эч ким жеткен эмес.

Муратбек Касымалиев 1995-2015-жыл аралыгында КЭУда агартуучулук кесибинин маанилүү баскычын жүргүзүп, компьютердик лаборатория башчылыгынан “Прикладдык информатика” кафедрасынын аткаруучу доценти, педагогика илимдеринин кандидатына чейин жогорулаган. Аталган мөөнөт ичинде тармагынын мыкты адистерин таптап чыгарды.

Узак тарыхы бар, техникумдан экономикалык университетке эволюциялык жол менен өткөн М.Рыскулбеков атындагы ИИУ КЭУ 70 жыл аралыгында Муратбек Усонакунович өңдүү өз тармагынын алдыңкы окутуучулары менен кызматташып, бийик максатты көздөй бирге өстү.

ИИУ КЭУ жамааты Муратбек Касымалиевди бул жетишкендиги менен куттуктап, бекем ден соолук, баштаган бардык иштерине албан  ийгиликтерди чын дилибизден каалайбыз!