Новости 11:50 23.09.2025
“Элдин өмүрү - анын тилинде” Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата ректордун куттуктоосу
Урматтуу кесиптештер жана студенттер!
Сиздерди кыргыз эли үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон Мамлекеттик тил күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
1989-жылдын 23-сентябрында кыргыз тилине мамлекеттик макам ыйгарылып, тарыхыбыздагы улуу учур башталган. Ошондон бери тилибиздин кадыр-баркын көтөрүп, анын ар бир жарандын турмушунда татыктуу орун алышы үчүн чоң кадамдар жасалды. Быйыл мамлекеттик тилге макам берилгенине 36 жыл толуп олтурат.
Кыргыз тили – улутубуздун руханий байлыгы, элибиздин биримдигин чыңдаган касиеттүү дөөлөт. Тилибизди сактоо жана өркүндөтүү – ар бирибиздин ыйык милдетибиз.
Ушул майрам күнү ар бириңиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана окуу-илимий иштериңиздерде зор ийгиликтерди каалайм. Кыргыз тилин баркы бийик, келечеги кең тил кылып муундан-муунга өткөрүп берели!
Урматтоо менен,
Муса Рыскулбеков атындагы КЭУ ИИУнун Ректору Гулназ Супаева
latest_news
Выпускной вечер НИУ «КЭУ им. М. Рыскулбекова» - 2026...
17:35 07.07.2026
Успешно завершены курсы повышения квалификации для сотрудников...
18:50 30.06.2026
КЭУ ИИУнун кызматкерлери Ысык-Көлдө эс алышты
17:30 30.06.2026