banner

КЭУ ИИУда "Улуттук нарктуулуктун башаты – эне тил” аттуу студенттик илимий-практикалык конференция өткөрүлдү

Новости 13:00 22.09.2025

КЭУ ИИУда "Улуттук нарктуулуктун башаты – эне тил” аттуу студенттик илимий-практикалык конференция өткөрүлдү

2025-жылдын 22-сентябрында саат 10:00дө М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинде Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын арасында “Улуттук нарктуулуктун башаты – эне тил” аттуу студенттик илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Аталган иш чара Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүнө жана Кыргыз Республикасынын "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" уңгу жолу программасын (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 369 Жарлыгы) ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 30-августундагы ПЖ №303 Жарлыгы менен бекитилген “2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө” улуттук программаны иш жүзүнө ашырууга багытталды.

Негизги максаты – студенттерге "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" уңгу жолу программасын түшүндүрүү, мекенин, эне тилин баалаган нарктуу, мекенчил, жоопкерчиликтүү жаштарды тарбиялоо, кыргыз элинин улуттук наркынын башаты эне тил аркылуу сакталып келгендигин кеңири түшүндүрүү, эне тилибиздин көркөм дөөлөттөрүн болочок кылымдарга сактап калууга үндөө.

М.Рыскулбеков атындагы КЭУ ИИУнун мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору, э.и.к., доцент Амантай Атантаевич Токторов, М.Рыскулбеков атындагы КЭУ ИИУнун мамлекеттик, расмий жана чет тилдер кафедрасынын башчысы, п.и.к, доцент Жапаралиева Назира Жакыповналар студенттерди мамлекеттик тил күнү менен куттукташты.

Конференцияга республикабыздын 10дон ашуун жогорку окуу жайларынын студенттери, илимий жетекчилери, М.Рыскулбеков атындагы КЭУ ИИУнун профессордук-окуутуучулар жамааты катышты.

Конференциянын жеңүүчүлөрү:
1. 1- даражадагы диплом Бакасова Сүйдүмкан - И. Ахунбаев атындагы КММА
2. ⁠2-даражадагы диплом Исматиллаева Мыскал - К.Карасаев атындагы БМУ
3. ⁠2-даражадагы диплом Темуров Аскатбек - И.Ахунбаев атындагы КММА
4. ⁠3- даражадагы диплом Сааданова Айша - К.Карасаев атындагы БМУ
5. ⁠3-даражадагы диплом Момуналиева Айсу - И.Ахунбаев атындагы КММА

Telegram