banner

КЭУ ИИУнун өкүлдөрү эл аралык илимий конференцияга салым кошту

Новости 12:00 15.04.2025

КЭУ ИИУнун өкүлдөрү эл аралык илимий конференцияга салым кошту

2025–жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин конференц-залында «Элдик революциялардын максаттары жана сабактары» аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү. Илимий-практикалык конференция 2005–жылдын 24-мартындагы Элдик революциянын 20 жылдыгына жана 2010–жылдын 7-апрелиндеги Элдик революциянын 15 жылдыгына арналган.
Конференцияга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Байсалов Э.Ж., Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри — Кендирбаева Д.Ш., Кыргыз Республикасынын Баатыры — Алымкулов А.Т., коомдук ишмер — Турсунбек Акун катышты.
      «М. Рыскулбеков атындагы КЭУ» ИИУнун атынан «Философия жана социалдык-гуманитардык илимдер» кафедрасынан т.и.д., профессор Джунушалиева Гүлнара Дженишевна «Кыргызстан эгемендүүлүк жылдарында жана революциялар учурунда» деген темада, ал эми т.и.к., доцент Темирбаев Бердигул «Кыргызстандагы революциялардын тарыхый орду» деген темада доклад менен катышышты.
 
 
 
 
 
 
«Философия жана социалдык-гуманитардык илимдер» кафедрасы

Telegram