banner

КЭУда студенттик активдин жаңы деми

Новости 15:05 26.02.2025

КЭУда студенттик активдин жаңы деми

Бүгүн “М.Рыскулбеков атындагы КЭУ” ИИУда ректор Алмаз Токтобекович Кадыралиев жаңы түзүлгөн студенттик сенаттын мүчөлөрү менен жолугушту. Жолугушууда студенттик жашоонун негизги маселелери, университеттин өнүгүүшүнө багытталган демилгелер жана алдыдагы окуу жылына карата пландар талкууланды.
Ректор студенттердин университеттин жашоосуна активдүү катышуусунун маанилүүлүгүн белгилеп, жетекчилик ар дайым конструктивдүү диалогго даяр экенин билдирди. Студенттик сенаттын мүчөлөрү окуу процессин жана окуудан тышкаркы иш-чараларды жакшыртууга багытталган идеяларын жана сунуштарын ортого салышты.
Жолугушуу жылуу жана иштиктүү маанайда өтүп, университеттин жетекчилиги менен студенттик активдин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө маанилүү кадам болду.