
Новости 12:15 27.02.2025
«Эне тил – улуттук дем!»
22-февраль күнү 1-радионун “Жаштар саатында” М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинде өткөрүлгөн «Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик» уӊгужол аттуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын алкагында, 21-февраль - Эл аралык эне тил күнүнө арналган «Эне тилим –меним байлыгым» аттуу иш-чаранын жүрүшү, КР Президентинин №369 Жарлыгынын маани-маңызын жаштарга, студенттерге жеткирүү, ИИУ КЭУда мамлекеттик тилде профилдик дисциплиналарынын берилиши, жаштар саясатынын жүргүзүлүшү, жасалма интеллекттин пайдаланылышы ж.б. тууралуу маек курулду.
Маекте маанилүү ойлорун айтууда М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинин Мамлекеттик, расмий жана чет тилдер кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Жапаралиева Назира Жакыповна, аты аталган кафедранын ага окутуучусу Садирова Инабат Мадумаровна жана ошол иш-чарага жигердүү катышкан, өздөрүн сабактарда жогорку деңгээлде көрсөтө алган студенттер: БД-2-24 тайпасынан Сарсенова Адеми, ФК-1-24 тайпасынан Аманкулова Мадиналар катышышты.
Бул маекте айрыкча, “Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик” уӊгужол аттуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы боюнча суроолор берилип, ага олуттуу ойлору менен Жапаралиева Назира Жакыповна бөлүштү. Ал эми, окутуу англис тилдеринде жүргүзүлгөн тайпалар боюнча суроолорго Садирова Инабат Мадумаровна кенен жооп берди.
Студенттерден КЭУ ИИУдан дагы берилген билим жана жасалма интеллекттин пайдаланылышы тууралуу суроолор берилди.
Жыйынтыгында жаштар саясаты жана жасалма интеллекттин пайдаланылышы тууралуу Жапаралиева Назира Жакыповна олутуу ойлорун, алар боюнча КЭУда жүргүзүлгөн иш аракеттер тууралуу маалымат берди.
latest_news

IT-академия в Кыргызстане: корейский импульс для будущего ...
14:10 27.02.2025

«Эне тил – улуттук дем!»
12:15 27.02.2025

Студенческий сенат КЭУ: новые лица — новые идеи!
16:10 26.02.2025

КЭУда студенттик активдин жаңы деми
15:05 26.02.2025

Партнёрство, открывающее новые горизонты
13:00 22.02.2025