banner

ИИУ КЭУ да жыл жыйынтыгы

Новости 14:50 29.12.2022

ИИУ КЭУ да жыл жыйынтыгы

Урматтуу студенттер, кесиптештер!Баарыңыздарды келе жаткан 2023-жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Жаңы жылга саналуу күндөр калганда, куракка карабай баарыбыз кереметти күтөбүз... Талыкпаган эмгек, терең билим, тырышчаактык жана келечекке болгон умтулуу гана ал кереметтерди тартууларын убакыт көрсөттү.

Узап бара жаткан 2022-жыл  М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университети үчүн орчундуу окуяларга, чоң жетишкендиктерге бай болду:

- Биздин окуу жайга “Илимий-изилдөө университети” деген макам берилди. Бүгүнкү күндө өлкөдө мындай статуска ээ болгон жалгыз университет.

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен окуу жайыбыз Социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалды өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн «Даңк» ордени менен сыйланды.

- Экономика багыты боюнча эл аралык рейтингде биринчи орунду ээледи.

- Быйыл КМШнын сапат сыйлыгынын дипломанты болдук.

- Биздин демилге менен 26-майда, Бишкекте өткөн Евразия экономикалык форумунун алкагында Евразиялык тармактык университети түзүлдү.

-ИИУ КЭУ да жаштардын ишкердик идеяларын коммерциялаштыруу процессин уюштуруу жана реалдуу бизнес технологияларына үйрөтүү максатында бизнес-инкубатор ачылды. ИИУ КЭУ 2-курстун студенти Мудинов Айтемирдин “БирgeEats” стартапы бир катар эл аралык сынактарда жеңүүчү аталып, 2023-жылдын март айында боло турчу “Ишкерлердин дүйнөлүк чемпионатында” дүйнөдөгү эң мыкты 100 стартапка кирүү укугу үчүн ат салышат.

- Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университети менен Евразиялык экономикалык комиссиясы 2023–2024-жылдарга кызматташуу программасына кол коюшту.

-Кыргызстандын ЕАЭБ өкүлчүлүгүнүн алкагында жыйынтыктоочу иш-чаралардын бири катары «Жаңы экономикалык чакырыктардын шартында ЕАЭБди өнүктүрүүнүн негизи катары, илимий-техникалык кызматташтык: тенденциялар жана өнүгүү келечеги» аттуу илимий практикалык конференциясы ИИУ КЭУ жана ЕЭК тарабынан уюштурулду. Ага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович  катышты.

-Ректор Кадыралиев А.Т беделдүү Университет президенттеринин эл аралык ассоциациясына(IAUP) мүчөлүккө кабыл алынды. IAUP миссиясы алдыңкы университеттердин ортосундагы тармактык байланышты эффективдүү демөөрчүлүктү жана билим берүү аркылуу тынчтыкты жана эл аралык түшүнүүнү илгерилетүүнү камтыйт.

- Англис тилдүү программалардын санын көбөйтүп, чөлкөмдөгү алака байланышты арттыруу багытындагы иш аракеттер пландуу ыргакта өнүгүп, потенциалдуу өнөктөштөр менен келишимдерге кол коюлду.

- 2022-жылы М.Рыскулбеков атындагы ИИУ КЭУнун жогорку окуу жай статусуна ээ болгондугунун 25 жылдыгына карата ар бир кафедра тарабынан бир катар иш чаралар өткөрүлдү.

- Жаңы адистиктерди ачуу, пландалган өнүгүү долбоорлорун ишке ашыруу, ошону менен бирге жогорку кесипкөйлүк, өз ишибизге берилгендик менен бардык маселелерди ийгиликтүү чечтик.

Жаңы 2023-жыл сиздерге көптөгөн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү, албан ийгиликтерди, пайдалуу келишимдерди, каржылык өсүштү жана эмгегиңиздин үзүрү бюджеттеги профицитти алып келсин! Жаңы жыл кесиптик ийгиликке, бактылуу көз ирмемдерге бай болушун каалайм!

Урматтоо менен, ректор Алмаз Токтобекович Кадыралиев.