
Новости 10:00 20.02.2025
Тилди даңктоо – муун милдети: КЭУда эне тилге арналган салтанат өттү
2025-жылдын 19-февралында М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинде өткөрүлгөн «Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик» уӊгужол аттуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын алкагында, 21-февраль- Эл аралык эне тил күнүнө арналган «Эне тилим –меним байлыгым» аттуу иш-чара студенттер, окутуучулар жана коноктор үчүн чоң мааниге ээ болгон уникалдуу окуяга айланды. Аталган адабий кече жыл сайын 21-февралда белгиленүүчү Эл аралык эне тил күнүнө арналды. Мамлекеттик, расмий жана чет тилдер кафедрасы тарабынан уюшулган кече эне тилибиздин баалуулугун жогорулатууга жана көп тилдүүлүктү колдоого багытталды.
Адабий кеченин максаты: студент-жаштарга дүйнө жүзүндө жашаган улуттардын маданиятын, элдин өзгөчөлүгүн, социалдык-турмушун, улуттук баалуулуктарындагы артыкчылыктар менен тааныштыруу, ар бир элдин тилин, маданиятын, баалуулуктарын сыйлай билүүгө үгүттөө.
Адабий кечеде эне тилге арналган кыргыз, англис, немис, француз тилдериндеги ырлар аткарылып, жазуучулардын чыгармаларынан көркөм окуу, эне тилдин тарыхы жана мааниси тууралуу баяндамалар, сахналаштырылган көрүнүштөр, эне тилге байланыштуу викторина жана интерактивдүү талкуулар менен коштолду.
Иш-чаранын ачылышына университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, доцент А.Т. Кадыралиев, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы А.Ж. Мамытов, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын өкүлдөрү, ИИУ КЭУнун Өнүктүрүү жана мамлекеттик тил боюнча проректору, экономика илимдеринин доктору, доцент Г.Т.Супаева, Мамлекеттик, расмий жана чет тилдер кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Н.Ж.Жапаралиевалар эне тилибизди аздектеп жүрүүгө багытталган жүрөктөн чыккан куттуктоо сөздөрүн айтып, тилдердин ар түрдүүлүгүн сыйлоо жана сактоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Бул күнү меймандарга кызыктуу концерттик программа тартууланды. Элибиздин асыл мурасы болгон "Манас" эпосунан айтылган үзүндү дагы бир ирет жанданып, терең маани-маңызга ээ болду. Кече салттуу жана заманбап стилдеги кыргыз бийлери менен коштолуп, кыргыз элинин музыка өнөрүнүн байлыгы чагылдырды.
Меймандарга студенттер француз, кыргыз жана англис тилдеринде ырдап, комуз, гитара, скрипкада аткарылган музыкалык чыгармаларды тартуулашты. Ошондой эле, акындардын жазган ыр саптары ар бир көрүүчүнүн жүрөгүнөн түнөк тапты.
Ч.Айтматовдун дүйнөсүнө көрүүчүлөрдү жетелеген "Эненин көз жашы" аттуу чакан спектакль англис тилинде коюлду. Терең ойго сугарылган чыгармалар өзүнүн мазмуну менен катышуучулардын жүрөгүнөн орун алды.
Кеченин өзгөчөлүгү болгон дагы бир маанилүү учур – биринчи курстун студенттерине эне тууралуу кыргыз тилинде айтылган ыйык жана жүрөктөн чыккан поэзия болду. Бул чыгарма залдагы бардык адамдарды терең ойго салып, өз эне тилине болгон сүйүүнү күчөттү.
Бул иш-чаранын мааниси чоң, анткени, ал катышуучуларга өз тилин сыйлоону жана сактоону, келечекке мурас кылуу тууралуу терең ой жүгүртүүгө өбөлгө түзөт. Тилдин жана маданияттын орду тынчтыкты, биримдикти жана түшүнүүнү камсыз кылат. Эне тил — ар бир адамдын жан дүйнөсүнүн чыныгы байлыгы.
latest_news

Вкусная наука: микрозелень в действии
10:05 20.02.2025

Будущие юристы на страже закона: экскурсия в ГУВД Бишкек...
14:05 19.02.2025

Акылдын күчү: Интеллектуалдык таймаштагы ийгилик!
14:00 19.02.2025