
Новости 14:00 19.02.2025
Акылдын күчү: Интеллектуалдык таймаштагы ийгилик!
17-февралда Ж.Баласагын атындагы КУУнун башкы корпусундагы чоӊ жыйындар залында Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын студенттеринин арасында Улуттук университеттин 100-жылдыгына арналаган QUIZ интелектуалдык оюну болуп өттү.
Ж.Баласагын атындагы КУУнун Жаштар саясаты жана спорт боюнча депаратменти тарабынан уюштурулган оюндун негизги максаты - билим берүү системасындагы ири кадамдарды чагылдыруу, жаштардын чыгармачылык жана аналитикалык ой жүгүртүүлөрүн баалоо жана жаштардын өз ара ынтымагын арттыруу болду.
Интелектуалдык оюнга Бишкек шаарындагы 12 жогорку окуу жайдын командалары катышышты: АДАМ университети, Кыргыз-Түрк “Манас” университети, К.И. Скрябин атындагы КУАУ, И. Раззаков атындагы КМТУ, ИСИТО, И.Арабаев атындагы КМУ, КР ПБМА, Дипломатиялык академия, К. Карасаев атындагы БМУ, Б. Бейшеналиева атындагы КММИУ, КР Эл аралык университети.
Бул интеллектуалдык оюнда "М.Рыскулбеков атындагы КЭУ" ИИУнун атынан т.и.к., доцент Темирбаев Б.Т. жана п.и.к., доцент Жапаралиева Н.Ж. жетектекчилигинин астында «Мурас» командасы төмөнкү студенттер курамында катышты:
- Пазылова Дилфуза – ФК-1-23;
- Сатыбаева Алфия – ФК-1-23;
- Базарбекова Аэлита – ФК-1-24;
- Темирбекова Жылдыз – ФК-1-24;
- Касымалиева Медина – БД-1-24.
М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык илимий-изилдөө университетинини студенттери QUIZ интеллектуалдык оюнуна татыктуу катышып, 12 команданын ичинен алган упайларынын негизинде 4-орунга ээ болду. Аларга ыраазычылык кат жана баалуу белектер тапшырылды.
«Философия жана социалдык-гуманитардык илимдер» кафедрасы
«Мамлекеттик, официалдуу жана чет тилдер» кафедрасы
latest_news

Вкусная наука: микрозелень в действии
10:05 20.02.2025

Будущие юристы на страже закона: экскурсия в ГУВД Бишкек...
14:05 19.02.2025

Акылдын күчү: Интеллектуалдык таймаштагы ийгилик!
14:00 19.02.2025