banner

Банк дүйнөсүнө саякат: Инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдүн ачылышы

Новости 15:05 13.02.2025

Банк дүйнөсүнө саякат: Инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдүн ачылышы

    12-февралда  «Эл аралык экономикалык мамилелер», «Эл аралык экономикалык уюмдар» дисциплиналарынын алкагында ВЭД-1-21; МЭ-1-21; МЭ-1-22; ЭБ-1-22 тайпасынын студенттери жана “Экономика жана эл аралык экономикалык байланыштар” кафедрасынын ага окутуучусу Илипова Г.С. менен  «Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы» ЖАКда болду (Панфилов – Киевская  к.)

Иш сапардын максаты: банкта иштөө үчүн зарыл болгон көндүмдөр менен таанышуу; банктын инвестициялык саясаты жана жалпысынан бизнестин келечеги менен таанышуу.Банктын филиалынын башчысы Мурзалиева Айпери Суйоркуловна банктын бөлүмдөрү менен тааныштырып чыкты. Ал ар бир бөлүмдө иштеген кызматкерлердин функционалдык милдеттери менен жана банкта иштөө үчүн зарыл болгон жөндөмдөр тууралуу айтып берди.Микрокредиттөө бөлүмүнүн башчысы Максат Дөлөтбаков студенттердин суроолоруна жооп берип жатып, банк кардарларынын ар түрдүү муктаждыктарын канааттандыруу үчүн инновациялык финансылык продуктыларды жана кызматтарды тынымсыз ишке киргизип жатканын белгиледи.Банк кызматкерлери 3 жана 4-курстун студенттерине өздөрүнүн филиалында өндүрүштүк жана дипломго чейинки практикадан өтүү мүмкүнчүлүгүн сунушташты. Жалпысынан иш-чара кызыктуу өттү.

 

м