
Новости 13:00 10.02.2025
Ата-Мекендик өндүрүштү колдоо жана инновациянын жаны багыттары
7-февралда М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык илимий-изилдөө университетинин (КЭУ ИИУ) ректору Алмаз Токтобекович Кадыралиев жана И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КМТУ) ректору Мирлан Чыныбаев жолугушту.
Жолугушуунун максаты — Кыргызстанда Ата-Мекендик өндүрүштү колдоо жана өнүктүрүү, анын ичинде КМТУнун технопаркынын алкагында иштелип чыккан «Алтын казык» бренди менен өндүрүлгөн ноутбуктарды тааныштыруу.
КМТУнун технопаркы өлкөдөгү техникалык өнөр жайдын жаңы багыттарын ачып, инновациаларды колдонуу аркылуу Кыргызстандын экономикасына салым кошууну көздөп келет. Ал жерде чыгарылган «Алтын казык» бренди менен ноутбуктар өлкөдөгү ички өндүрүштү жогорулатууга жана кыргызстандык студенттерге өндүрүш иши менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзөт.
КЭУнун ректору Алмаз Токтобекович Кадыралиев бул кызматташтыкты билим берүү жана өндүрүш тармактарындагы байланыштарды күчөтүү жана өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө кошкон чоң салым катары баалады. Ошондой эле, ушул жолугушуу аркылуу Ата-Мекендик технологияларды өнүктүрүү жана инновацияларды жайылтуу максатында мындан ары да биргелешип иштөө маанилүү экенин белгиледи.
Бул ишкерлердин жана билим берүү уюмдарынын ортосундагы кызматташтыгы Кыргызстандын техникалык өнөр жайын жаңы бийиктиктерге көтөрүүгө жана өлкөдөгү өндүрүш мүмкүнчүлүктөрүн арттырууга өзгөчө мааниге ээ экенин кошумчалады.
latest_news

Вкусная наука: микрозелень в действии
10:05 20.02.2025

Будущие юристы на страже закона: экскурсия в ГУВД Бишкек...
14:05 19.02.2025

Акылдын күчү: Интеллектуалдык таймаштагы ийгилик!
14:00 19.02.2025