
Новости 14:00 21.01.2025
КЭУ ИИУнун спорттогу сыймыгы
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Дене тарбия жана спорт департаментинде КЭУнун студенттери Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спорттун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн сыйланып, дипломдорго ээ болушту. Сыйлыктарды министрдин орун басары-директору А.Т. Абдымомунов тапшырды.
Белекова Адина Милициянын 100 жылдыгына жана генерал-майор Эргеш Алиевдин жаркын элесине арналган чемпионатта 65 кг салмак категориясында 1-орунду, 60 кг жана 65 кг категорияларында 2-орундарды багындырып, жалпы төрт медаль утту. Ал “Коргонуу” бөлүгүндө чемпион наамына ээ болуп, өзүнүн чеберчилигин далилдеди.
Полотова Амина да өзүнүн спорттук ийгиликтерин көрсөтүп, ушул эле сынакта мыктылыгын жана күчтүү даярдыгын көрсөттү.
КЭУнун студенттеринин спорттогу мындай чоң жетишкендиктери окуу жайдын сыймыгы болуп саналат. Алардын келечекте дагы жаңы бийиктиктерди багындырып, чоң ийгиликтерге жетишерине ишеним артабыз!
latest_news

Гостевую лекция д-ра Андреа Басси
14:30 16.09.2025

Вакансии для студентов НИУ КЭУ им. М. Рыскулбекова ...
11:30 16.09.2025

Старт нового учебного года: в университете отметили День знаний...
17:55 15.09.2025