Новости 13:10 26.12.2024
Дүйнөлүк деңгээлдеги лидерлер - КЭУ студенттеринин ийгилиги!
КМШ ПАА алдындагы Демократиянын өнүгүүсүнө мониторинг жүргүзүү боюнча эл аралык институт, Саратов мамлекеттик юридикалык академиясы жана Эл аралык илимий маалымат борбору 2024-жылдын 24-сентябрынан 29-ноябрына чейин «Дүйнө ълкъл\р\нүн шайлоо системалары» атындагы V Эл аралык студенттик интернет-олимпиадасын уюштурушту.
Олимпиадага Россия, Беларусь, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Грузия, Молдова, Түркмөнстан, Украина, Афганистан, Вьетнам, Германия, Греция, Конго Демократиялык Республикасы, Замбия, Индонезия, Канада, Ливан, Кытай Эл Республикасы, Колумбия, Конго Республикасы, Ливан, Мали, Монголия, Нигерия, Чад, Эквадор. Египеттен 177 жогорку окуу жайларынан 3172 студент катышты.
«Юриспруденция жана эл аралык укугу» кафедрасынын юридика илимдеринин кандидаты, доцент Тайлакова Салия Жеңишбековнанын жетекчилиги астында «Дүйнө өлкөлөрүнүн шайлоо системалары» атындагы V Эл аралык студенттик интернет-олимпиадасына студенттер катышууга даярдалды.
“Дүйнө өлкөлөрүнүн шайлоо системалары” атындагы V Эл аралык студенттик интернет-олимпиаданын М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин илимий изилдөө университетинин студенттери Абас уулу Бекжан (ЮРу-1-23), Хамраева Айдана Насридидиновна (ИСИТ-1-24) жеңүүчүлөрү болушту.
Олимпиаданын жыйынтыгы КМШ ПААнын расмий сайтында жайгаштырылган, шилтеме тиркелет: https://iacis.ru/novosti/institut_monitoringa_razvitiya_demokratii_mpa_sng/nazvani_imena_pobeditelej_studencheskoj_internet-olimpiadi_izbiratelnie_sistemi_stran_mira
«Юриспруденция жана эл аралык укугу» кафедрасы