Новости 14:00 25.12.2024
КЭУ жана Баку мамлекеттик университети: билим берүү тармагындагы стратегиялык өнөктөштүк
19-декабрда М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университети (КЭУ ИИУ) менен Азербайжан Республикасынын Баку шаарындагы Баку мамлекеттик университетинин ортосунда меморандумга кол коюлду.
Кол коюуга Баку мамлекеттик университетинин Ректордун сапатты камсыздоо боюнча кеңешчиси Асеман Ильясов жана Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Рауф Хасанов катышты. КЭУ ИИУдан окуу-усулдук иштер боюнча биринчи Проректору Д.М.Турсуналиева, Илим, инновация жана мамлекеттик тил боюнча Проректору Г.Т.Супаева, Евразия интеграциясы боюнча Проректору, Жогорку бизнес жана PhD программалары боюнча Проректору Т.Ю.Жолдошева, Окуу жайдын өнүктүрүү жана эл аралык кызматташтык боюнча проректору А.Т.Бейшенова жана бөлүмдөрдүн жетекчилери катышышты.
КЭУ ИИУ менен Баку мамлекеттик университетинин ортосунда меморандумга кол коюу Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү кызматташтыкты бекемдөө үчүн, кезектеги кадам болуп саналат.