Новости 10:25 17.12.2024
КЭУнун 4 мыкты студенти Президенттик стипендияга ээ болушту
2024-жылдын 16-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча окууда, илимий-чыгармачыл жана коомдук иштерде өзгөчөлөнгөн жогорку окуу жайларынын 90 студентине Президенттик стипендия тапшырды.
Мыктылардын катарында Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинен
Президенттик стипендиясын алуу мүмкүнчүлүгүнө 4 студент ээ болду.
Алар:
1. Аскарбекова Медина Бакытбековна (4-курс)
2. Касымбеков Адиль Алтырбекович. (4-курс)
3. Турдугулов Даулет Элчибекович (4-курс)
4. Чопиева Изат Улановна. (4-курс)
Мыкты аталган студенттер Президенттин колунан мактоо баракчаларын жана 60 миң сом өлчөмүндө стипендия алышты.
М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинин Ректору Кадыралиев Алмазбек Токтобекович стипендияга ээ болгон студенттерди кабыл алып, сөзүнүн аягында айтылгандай, "Бул жетишкендик – сиздердин эмгекчилдигиңиздердин, билимиңиздерге жана максаттарыңызга умтулгандыгыңыздардын үзүрү. Биз сиздер менен сыймыктанабыз жана мындан ары да жаркын келечегиңиздерге ийгиликтерди каалайбыз" деген сөздөрдө студенттерге ишеним жана келечктеги ийгиликтерге болгон үмүт айтылган.