banner

"Америка күнүндө" жаңы жылдык атмосфера

Новости 17:00 20.12.2022

"Америка күнүндө" жаңы жылдык атмосфера

Бүгүн, 20-декабрда М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинде «Америка күнү» өткөрүлдү.

Иш чараны «Ж.Т.Чубурова атындагы туризм, меймандостук жана экология» кафедрасы уюштурду.

“Америка күнүн” ректор Кадыралиев Алмаз Токтобекович жана Access Alumni Kyrgyzstan Тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы Вероника Элгенс куттуктоо, насаат сөздөрү менен ачып беришти.

Жаңы жылдык маанайды Т-1-21,ТА-1-21,Т-1-19, ТА-1-19, М-1-19 тайпалары тартуулады.

Иш чарада АКШ тарыхы тууралуу викторина болуп, басымдуу суроолорго көрүүүлөр туура жооп узатты.

“Рождествону уурдаган Гринчтин” окуясын студенттер сахналаштырып сыйкырга, боорукерлике ишенүүнүн маанилүүлүгүн көрсөтүп беришти.

Комуз жана флейтанын жардамы менен америка хит ырларынын күүгө салынуусу аудиториянын алкышына татыды.