banner

«Параюридикалык иштердин негиздери» квалификацияны жогорулатуу боюнча окуу программасы

Новости 10:10 02.12.2024

«Параюридикалык иштердин негиздери» квалификацияны жогорулатуу боюнча окуу программасы

2024-жылдын 30-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясында ОИѲК Кыргызстандын Эл аралык университети менен биргеликте ПРООНдун долбоорунун колдоосу менен профессордук-окутуучулук курам үчүн “Параюридикалык иштердин негиздери” деген темада тренинг өткөрүлдү.

          Тренинг «Параюридикалык ишмердүүлүк» дисциплинасын окутуу үчүн профессордук-окутуучулук курамды даярдоого арналган.

Тренингдин жүрүшүндө көрсөтүлдү: «Эл аралык университетиндеги» билим берүү мекемесинин окуу программасына «Параюридикалык ишмердүүлүк» дисциплинасын киргизүү тажрыйбасы, дисциплинанын ОМК (С.Б. Карабалаева). «Паралегалдык ишмердүүлүк» квалификациясын жогорулатуу курсунун катышуучуларынын арасында жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча отчет (Садыркулова Г.), параюридикалык иш боюнча эл аралык жана улуттук тажрыйба, юридикалык консультациялык жардам көрсөтүүдө параюристтердин ролу (Ирискулбеков Э.Б.), маектешүү жана кеңеш берүү көндүмдөрү (Ибрагимов Р.К.), талаш-тартыштарды чечүүнүн альтернативдик жана соттук ыкмалары (Шаршеева А.О.), ишти кароодо параюристтердин иши жана байланышы (Садыков И.Ж.) турмуштук оор кырдаалга кабылган адамдарды социалдык жактан колдоо (Жоомартова Э.Ж.).

Бул тренингге «Башкаруу, бизнес жана укук» кафедрасынын окутуучулары, ю.и.к., доцент Тайлакова С.Дж., ю.и.к., доцент Тенизбек к.н э.и.к., доцент Ибраимова С.М., мугалим Урустемова Ж.Б. катышышты. Сертификаттар тапшырылды.

 

 

«Башкаруу, бизнес жана укук» кафедрасы

«Философия жана социалдык-гуманитардык илимдер» кафедрасы