
Новости 13:05 13.11.2024
КЭУ ИИУда "Дүйнөлүк сапат жумалыгы"
Бүткүл дүйнөлүк сапат күнүнө арналган Сапат жумалыгынын алкагында 2024-жылдын 11-ноябрында “Коммерция” багытынын студенттери Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Стандартташтыруу” жана метрология борборуна барышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер уюмдун тарыхы, негизги ишмердүүлүгү менен таанышып, ошондой эле аккредиттелген сыноо лабораторияларынын заманбап жабдууларын өз көздөрү менен көрүштү.
Иш сапардын жүрүшүндө студенттер тамак-аш жана айыл чарба продукцияларын сыноо лабораториясында, керектөөчү товарларды жана таңгактарды сыноо лабораториясында, машина куруу жана эмерек буюмдарын сыноо лабораториясында жана мунай продуктуларын сыноо лабораториясында болушту.
Лабораториянын кызматкерлери өздөрүнүн иши кандай уюштурулганын, бул лабораторияларда продукциянын сапатынын кандай көрсөткүчтөрүн аныктоого болорун түшүндүрүп, продукция кантип текшерилерин түшүндүрүштү, ошондой эле студенттердин көптөгөн суроолоруна жооп беришти.
Экскурсия студенттерге келечектеги кесиби тууралуу жаңы, тереңирээк түшүнүк берди.
latest_news

МЭК КР, GIZ и НИУ КЭУ объединяют усилия по зеленой экономике...
16:20 02.04.2025

КЭУ ИИУ: Кыргызстандын суу ресурстарын башкаруудагы жаңы ыкмалар ...
16:00 10.03.2025