banner

КЭУ ИИУ “Эң мыкты чет өлкөлүк платформа”

Новости 10:05 12.11.2024

КЭУ ИИУ “Эң мыкты чет өлкөлүк платформа”

Алгачкы жолу 2024-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасында «Бүткүл россиялык экономикалык диктант» чогулушунда Бүткүл россиялык билим берүү компаниясынын Регионалдык платформасы «М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий- изилдөө университетинин базасында өткөрүлдү. (КЭУ ИИУ).         “Бүткүл россиялык экономикалык диктант”  жыл сайын өтүүчү билим берүү иш-чарасынын уюштуруу комитети үстүбүздөгү жылдагы акциянын жыйынтыгын чыгарып, “М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетин аныктады.

     М.Рыскулбеков атындагы КЭУ ИИУ “Бүткүл россиялык экономикалык диктант-2024” чогулушунда  “Эң мыкты чет өлкөлүк платформа” номинациясын алды. Бүткүл россиялык экономикалык диктант-2024 мыкты аймактык аянтчаларын сыйлоо 2024-жылдын 11-ноябрында Москвада «Экономисттер күнү» кесиптик майрамына арналган Бүткүл россиялык экономикалык жыйынындада болуп өттү.

Аталган чогулушта «Эң мыкты чет өлкөлүк аймактык платформа» диплому бул иш-чаранын уюштуруучусу болгон, евразиялык интеграция боюнча проректор, экономика илимдеринин доктору, профессор Т. Джолдошевага тапшырылды.