banner

КЭУ ИИУнун ректору Токмок мэриясынын Коллегия отурумуна катышты

Новости 13:10 31.10.2024

КЭУ ИИУнун ректору Токмок мэриясынын Коллегия отурумуна катышты

2024-жылдын 30-октябрында Токмок шаарында мэриянын Коллегия отурумуна М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинин ректору Кадыралиев А.Т катышты.

    Коллегияда күз-кыш жылуулук берүү мезгилине карата даярдыктын жүрүшү, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзамынын аткарылышы жөнүндө, жеткинчектердин иши боюнча комиссиянын иши жана 2023-2024-окуу жылынын жыйынтыктары боюнча талкуу жасалып, отчет берилди.

      Отурумда КЭУ ИИУнун ректору “билим берүүнүн сапатын жакшыртыш үчүн”  мектеп окуучуларына математика, орус тили сабактарынан, университеттин мугалимдери кошумча курстарды өткөрүп берээрин кошумчалады.

 

Telegram