Новости 12:55 24.09.2024
“Тил – акылдын жарчысы”
2024-жылдын 20-сентябрында М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинде Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата, экономика илимдеринин доктору, профессор Т.К. Камчыбековдун 75 жылдык маарекесине арналган Экономикалык форумдун алкагында жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жарыялаган 3 айлыктын негизинде мамлекеттик тил күнүнө 35 жыл толгондугуна байланыштуу “Тил – акылдын жарчысы” аттуу кереге кеңеши өткөрүлдү.
Кереге кеңештин максаты: Мамлекеттик тилибиздин бүгүнкү абалын, окутуунун учурдагы актуалдуу көйгөйлөрүн жана аны чечүүнүн жолдорун талкуулоо, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына байланыштуу өлкөбүз башынан кечирген тарыхый окуялар, ошондой эле КЭУну түптөөгө зор салым кошкон инсандардын өмүрүн өрнөк кылуу.
Кереге кеңешке М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинин Өнүктүрүү жана мамлекеттик тил боюнча проектору, Г.Т.Супаева, КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын окуу борборунун директору К.М.Жумакадырова, КРнын Улуттук илимдер академиясынын академиги, филология илимдеринин доктору, профессор, КРнын УИАсынын корреспондент-мүчөсү, академик А.А Акматалиев, Кыргыз тили коомунун президенти Р.Р.Курбанов жана башкалар кыргыз тилинин бүгүнкү күндөгү көйгөйлөрү тууралуу кеңири айтып өтүштү.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жарыялаган 3 айлыктын негизинде эсселер конкурсунун жеңүүчүлөрүнө дипломдор, сыйлыктар тапшырылды.
Кереге кеңештин соңунда кеңештин резолюциясы кабыл алынды.