banner

“Финансылык интеграция жана ааламдашуу: КЭУ ИИУнун конференциясындагы негизги чечимдер”

Новости 09:45 19.09.2024

“Финансылык интеграция жана ааламдашуу: КЭУ ИИУнун конференциясындагы негизги чечимдер”

2024-жылдын 18-сентябрында М.Рыскулбеков атындагы КЭУ ИИУда «Интеграция жана ааламдашуу шартында Кыргыз Республикасынын финансы рыногу», аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция С.Сулайманбеков  атындагы «Финансы жана финансылык технологиялар» кафедрасы тарабынан өткөрүлдү.

     Конференция Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана экономика илимдеринин доктору, профессор Т.К. Камчыбековдун 75 жылдык мааракесине арналды.

Иш-чарага каржы секторунун ар кандай тармагындагы алдыңкы эксперттер, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, Мамлекеттик салык кызматынын, Депозиттерди коргоо агенттигинин, коммерциялык банктардын, камсыздандыруу компанияларынын, КЭУ ИИУнун жана Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окумуштуулары жана  студенттер катышты.

Конференциянын максаты - ааламдашуу шартында Кыргыз Республикасынын финансы рыногун өнүктүрүүнүн негизги аспектилерин талдоо, ошондой эле анын туруктуу өсүшүнүн натыйжалуу стратегияларын иштеп чыгуу жана дүйнөлүк деңгээлде анын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу.

Конференциянын жыйынтыгында өлкөнүн финансы рыногун эл аралык экономикалык процесстерге мындан ары интеграциялоонун маанилүүлүгүн көрсөттү. Катышуучулар санариптик технологияларды жана экологиялык иш мөөнөттүү инвестицияларды тартуу механизмдери аркылуу каржы институттарына ишенимди бекемдөө зарылчылыгын баса белгилешти, ошондой эле экономиканын финансылык жана реалдуу секторлорун, өзгөчө глобалдык чакырыктардын жана структуралык өзгөрүүлөрдүн шарттарында өнүктүрүү маселелерин мындан ары талкуулоо зарылдыгын моюнга алышты.

“Финансы и финансылык технологиялар” кафедрасынын үлгүлүү студенттери Ардак грамота, Ыразычылык кат жана белектер менен сыйланышты.