banner

«Экономикалык изилдөөлөрдөгү математикалык ыкмалар жана эсептөөлөр»

Новости 17:00 18.09.2024

«Экономикалык изилдөөлөрдөгү математикалык ыкмалар жана эсептөөлөр»

2024-жылдын 18-сентябрында М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдѳѳ университетинин «Экономикалык, математикалык ыкмалар жана статистика» кафедрасы тарабынан Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына  жана  экономика илимдеринин доктору,  профессор Т. К. Камчыбековдун 75 жылдык мааракесине  арналган иш-чаралардын алкагында уюштурулган «Экономикалык изилдөөлөрдөгү математикалык ыкмалар жана эсептөөлөр» аталыштагы кереге маек ѳткѳрүлдү.

Кереге маектин максаты билимди бөлүшүү гана эмес, математикалык методдорду өнүктүрүүнүн келечегин талкуулоо, орун алган көйгөйлөрдү жана тоскоолдуктарды аныктоо болду.

Иш-чара экономиканын жана математиканын түрдүү тармактарында илимий багыттагы  экономикалык татаал маселелерди талдоо жана чечүү үчүн активдүү колдонулуп жаткан ыкмаларды  практикада колдонууга  жана жайылууга багытталды. 

Кереге маекке Борбордук Азиядагы Америка университетинин профессору, экономика илимдеринин доктору Кыдыралиев Сыргак Капарович, И.К. Ахунбаев атындагы «Саламаттыкты сактоо жана коомдук ден соолук» кафедрасынын доценти, медицина илимдеринин кандидаты Кудайбергенова Тамара Асановна, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин информатика жана математика факультетинин деканы,  физика математика илимдеринин кандидаты, доцент Усенов Изат Абдраевич, Улуттук статкомитеттин статистикалык каттоолор бѳлүмүнүн башкы адиси Абдылдаева Турсункан Кадыркуловна, К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук Агрардык университетинен: доцент физика математика илимдеринин кандидаты  Сагындыкова Рахат Кайыпбековна, ага окутуучу Джусупова Гульнара Аширбековна, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин доценти, физика математика илимдеринин кандидаты Шаршембиева Фаризат Кусейиновна, М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун профессордук окутуучулар курамы катышты.

 Ар бир окулган докладдын айланасында кызуу талкуулоолор болуп, ой пикир, тажрыйбалар бѳлүшүлдү. Заманбап инструменттер, жаңы ыкмалар жана аларды колдонуунун практикалык тажрыйбасы боюнча пикир алмашышты. Резолюция кабыл алынып, илимий-практикалык семинарды жыл сайын ѳткѳрүү сунушталды.

КЭУ соц.тармакта.