banner

«Кыргызстан: өткөнү, учуру, келечеги»

Новости 13:05 16.09.2024

«Кыргызстан: өткөнү, учуру, келечеги»

2024-жылдын 16-сентябрында М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Илимий-изилдөө университетинин Экономика жана сервис колледжинде «Кыргызстан: өткөнү, учуру, келечеги» деген темада Эл аралык Мектептер аралык студенттик конференция болуп өттү. Бул конференция Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөбек Камчыбековдун 75 жылдыгына арналды.

Конференциянын ачылышы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни менен башталып, «Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин» өнүктүрүү жана мамлекеттик тил боюнча проректору, э.и.д.  Г.Супаеванын куттуктоо сөзү менен башталды.

Конференциянын ардактуу коноктору: Кыргызстан элинин тарыхый-маданий мурасы “Мурас” фондунун төрагасы, тарых илимдеринин кандидаты Кыяс Сатар уулу Молдокасымов, жана Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык академиянын академиги, тарых илимдеринин доктору, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун профессору Тынчтыкбек Чоротегин.  

Конференцияда Кыргызстан менен КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы социалдык-экономикалык мамилелер, туруктуу өнүгүү боюнча инновациялык идеялар, КМШ өлкөлөрүндөгү жана Кыргызстандагы экологиялык жана туристтик көйгөйлөр, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүндөгү тарыхый инсандардын ролу талкууланды.

Конференцияга төмөнкү орто окуу жайлардын студенттери жана окутуучулары катышты: Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин колледжи, Воронеж областынын мамлекеттик бюджеттик кесиптик билим берүү мекемеси «Семилукский политехникалык колледжи» (Россия), Талас мамлекеттик университетинин колледжи, М.Ибрагимов атындагы Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжи, Россия Федерациясынын биринчи президенти Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус (Славян) университетинин колледжи, С.Турсунов атындагы Бишкек агроэкономикалык колледжи (Ысык-Ата району, Киргшелк), Кыргыз-Казак университетинин колледжи, Бишкек архитектура жана курулуш башкаруу колледжи, К.И.Скрябин атындагы КУАУнун техникалык-экономикалык колледжи, Ж.Баласагын атындагы КУУнун кесиптик колледжи, А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык колледжи, К.Карасаев атындагы БМУнун колледжи, И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунун колледжи, И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжи, Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинин Политехникалык колледжи, Инновациялык технологиялар жана экономика колледжи, Салымбеков Медициналык мектеп.