
Новости 09:45 31.08.2024
Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына карата ректордун куттуктоосу
Урматтуу студенттер, мугалимдер жана кызматкерлер!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгы жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы менен чын дилден куттуктайм!
Бул күн бизге эркиндиктин баалуулугун жана өлкөбүздү туруктуу өнүктүрүү зарылдыгын эске салат.
Глобалдык чакырыктардын жана өзгөрүүлөрдүн алдында экономикалык туруктуулук коомубуздун гүлдөп-өсүшүнүн негизги фактору болуп калат.
Билим берүү Кыргызстандын экономикалык өсүшүнө жана социалдык бакубаттуулугуна салым кошо ала турган квалификациялуу адистерди даярдоодо чечүүчү ролду ойнойт.
Эгемендүүлүктү чыңдоого, экономикабызды өнүктүрүүгө сиздердин аракетиңиздер, билимге болгон умтулууларыңыздар салым кошсун.
Окууңарга жана кесиптик ишмердүүлүгүңөргө ийгиликтерди, ал эми өлкөбүзгө гүлдөп-өнүгүүнү жана туруктуулукту каалайм!
Урматтоо менен,
Алмаз Кадыралиев
latest_news

XVIII сессия Европейско-Азиатского правового конгресса...
13:00 25.06.2025

Информационная встреча для иностранных студентов и преподавателей...
14:00 24.06.2025

Чемпионы Национальных соревнований Expo 2025
13:00 11.06.2025

EXPO Жаштар Стартаптары 2025 — Улуттук чемпиону!
12:20 11.06.2025

Во главе угла - экономика!
14:00 04.06.2025