
Новости 09:30 12.08.2024
“Алтын сертификаттын” ээси Ричард Инкариев КЭУ ИИУну тандады
ЖРТдан 230 балл алып Алтын сертификатка ээ болгон Ричард Инкариев жогорку билим алуу үчүн Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий изилдөө университетин тандады. Назарыңыздарды маекке бурабыз.
Саламатсызбы, куттуктайбыз, өзүңүз жөнүндо айтып берсеңиз?
Менин атым Ричард, ЖРТдан 230 балл алып Алтын сертификатка ээ болдум. Мен Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинин “Банк ишмердиги” бөлүмүнө тапшырдым.
Эмне себептен 3-турда тапшырдыңыз? Чечим чыгаруу, оорго турдубу?
Мен кабыл алуу башталып калган учурда Америка Кошмо Штаттарында өткөрүлгөн “Коперникус” олимпиадасына математика боюнча катышып, коло медаль жеңип келдим. Келээрим менен эле КЭУга келип тапшырдым. Апам консалтинг фирмада бухгалтер, ал өз жумуш тажрыйбасында КЭУдан билим алган адистер мыкты экенин, КЭУда экономика жаатында мыкты билим берилээрин айтып келчү.
КЭУ жөнүндө дагы эмнелерге кабардарсыз?
КЭУнун стартаптары жана өлкөдөгү бардык банктар менен тыгыз кызматташаарын билем. Бул мен үчүн маанилүү.
Ричард менен маектин толук версиясына ШИЛТЕМЕ
latest_news

XVIII сессия Европейско-Азиатского правового конгресса...
13:00 25.06.2025

Информационная встреча для иностранных студентов и преподавателей...
14:00 24.06.2025

Чемпионы Национальных соревнований Expo 2025
13:00 11.06.2025

EXPO Жаштар Стартаптары 2025 — Улуттук чемпиону!
12:20 11.06.2025