
Новости 09:45 15.05.2024
Пакистан Ислам Республикасынын элчиси КЭУда мейман дарсын окуду
2024-жылдын 15-майында Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Илимий Изилдөө Университетинин студенттери үчүн Пакистан Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Хасан Али Зайгам мейман дарсын окуду.
Элчини университеттин ректору, А.Т. Кадыралиев, мамлекеттик тил жана өнүктүрүү боюнча проректор, Г.Т. Супаева, Эл аралык кызматташтык жана долбоорлорду ишке ашыруу департаментинин жетекчисинин милдетин аткаруучу Н.Асилова тосуп алышты.
Хасан Али Зайгам мырза «Пакистандын көз карашы Борбордук Азия саясаты жана Борбордук Азия чөлкөмү менен байланышты күчөтүү аракеттери» темасындагы соңку маалыматтар менен бөлүшүп, соңунда студенттерди кызыктырган суроолорго жооп берди.
Элчи мырзага Кыргызстан жана Пакистан ортосундагы илимий жана маданий алмашууну өнүктүрүүгө кошкон баалуу салымы үчүн ыраазычылык билдиребиз.
latest_news

XVIII сессия Европейско-Азиатского правового конгресса...
13:00 25.06.2025

Информационная встреча для иностранных студентов и преподавателей...
14:00 24.06.2025

Чемпионы Национальных соревнований Expo 2025
13:00 11.06.2025

EXPO Жаштар Стартаптары 2025 — Улуттук чемпиону!
12:20 11.06.2025