banner

Өзбекстандын Элчиси КЭУнун студенттерине мейман дарсын окуду

Новости 15:55 26.04.2024

Өзбекстандын Элчиси КЭУнун студенттерине мейман дарсын окуду

2024-жылдын 26-апрелинде, М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Илимий-Изилдөө Университетинде (КЭУ ИИУ) Өзбекстандын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мирзахидов Хуршид Мирсабирович  студенттер үчүн мейман дарсын окуду.

Элчини КЭУнун ардактуу ректору, башкы илимий жетекчиси Камчыбеков Төлөбек Кадыралиевич баштаган профессордук окутуучулук курамы тосуп алды. Өз сөзүндө Т.К. Камчыбеков студент кезинин эң кызыктуу күндөрү Ташкент шаарында өткөнүн, бир туугандык мамилеге бөлөнгөн сонун учурларга бай болгонун белгиледи.

КЭУнун Эл аралык кызматташтык жана долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмү тарабынан уюштурулган иш чарада элчи студенттерге «Өзбекстандын тышкы саясаты. Өзбек-кыргыз мамилелери » деген темада лекция окуду.

Белгилесек, КЭУда Кыргыз-Өзбек факультети 2021-жылда ачылган. Бул М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети менен Ташкент мамлекеттик экономикалык университетинин ортосунда кош дипломдук программанынын алкагында ишке ашырылууда.

 Кыргыз-Өзбек факультетинин деканы Кенжаев Рустам Ибрагимовичтин маалыматына ылайык, учурда бул программа боюнча Озбекстандын 160 тан ашуун жараны КЭУда ийгиликтүү билим алууда.

КЭУ социалдык тармакта.

Инстаграм 

Фейсбук

Телеграм Канал