
Новости 13:10 24.04.2024
«Швейцария жана Кыргызстан: жемиштүү кызматташтыктын негизги элементтери»
Бүгүн, 2024-жылдын 24-апрелинде, М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Илимий-Изилдөө Университетинде (КЭУ ИИУ) Швейцариянын Элчиси Оливье Бангертер студенттер үчүн мейман дарсын окуду.
Элчи мырзаны КЭУнун окуу-методикалык иштер боюнча проректору Д.М.Турсуналиева жана окуу жайдын өнүктүрүү боюнча проректору Г.Т. Супаева тосуп алып, убакыт бөлүп келип бергенине ыраазычылык билдиришти.
КЭУнун Эл аралык кызматташтык жана долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмү тарабынан уюштурулган иш чарада Бангертер студенттерге «Швейцария жана Кыргызстан: жемиштүү кызматташтыктын негизги элементтери» деген темада лекция окуду. Ал өз сөзүндө эки өлкөнүн ортосундагы түрдүү тармактарда өз ара өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Сөзүнүн аягында элчи студенттердин суроолоруна жооп берди, бул эки тараптуу мамилелерди тереңирээк түшүнүүгө жана билимдерин кеңейтүүгө өбөлгө түздү.
Бангертер мырзага эки өлкө ортосундагы илимий жана маданий алмашууну өнүктүрүүгө кошкон баалуу салымы үчүн ыраазычылык билдиребиз.
latest_news

XVIII сессия Европейско-Азиатского правового конгресса...
13:00 25.06.2025

Информационная встреча для иностранных студентов и преподавателей...
14:00 24.06.2025

Чемпионы Национальных соревнований Expo 2025
13:00 11.06.2025

EXPO Жаштар Стартаптары 2025 — Улуттук чемпиону!
12:20 11.06.2025