banner

«КҮЧТҮҮ ЗВЕНО» ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮНДУН ТУРНИРИ

Новости 12:05 19.04.2024

«КҮЧТҮҮ ЗВЕНО» ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮНДУН ТУРНИРИ

2024-жылдын 17-апрелинде М.Рыскулбеков атындагы ИИУ КЭУ чоң жыйындар залында «Философия жана коомдук-гуманитардык илимдер» кафедрасы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында «Кыргызстан тарыхы» сабагы боюнча «Күчтүү звено» интеллектуалдык оюнун өткөрдү.

Турнирди М.Рыскулбеков атындагы ИИУ КЭУ нун ректору, э.и.д., доцент А.Т. Кадырлиев куттуктоо соз\н с\йлъп тарыхты бил\\, ар бир адам өз Ата-Мекенинин тарыхын ал жаралгандан баштап билиши керектигин белгиледи.

Кыргызстандын тарыхын изилдөө өткөндү жана азыркыны түшүнүүгө мүмкүндүк берет, чыныгы инсанды тарбиялоонун каражаты катары кызмат кылат.

Турнирге унверситеттин бардык багыттар боюнча 2-курстун студенттери 7 команданын курамында катышышты: «Азаттык» (Табылдиев Р. (БИ-1-22), Бексултанова Н. (БУ-1-22), «Алтын Ордо» (Наргозуев Э. (БД -1-22), Ходжаева С. (ЭБ-1-22), Касымбеков Н. (ГФК-1-22), «Барсбек» (Белеков К. (ВЭД-1-22), Шаршенбеков Б. (МФ) -1 -22), Мукамалиева Б. (МЭО-1-22), "Каганат" (Эсен кызы Элиза (УБ-1-22), Сабырбекова А. (МБ-1-22), Нурланова А. (ФК-2) -22 ), «Рух Ордо» (Камилов М. (Т-1-22), Дүйшенбиева М. (ОСР-1-22), Абакиров А. (ЮР-1-22), «Туран» (Алымкулова С., Абдылдаева Б (МА-1-22), «Эне-Сай» (Жанызакова С. (М-1-22).

Интеллектуалдык оюн 7 турдан турду. Оюндун модераторлору соц.и.к., доцент Б.А.Малтабаров, «ФСГИ» кафедрасынын улук лаборанты Абас уулу Бекжан өткөрүштү.

 

Турнирдин жүрүшүндө ОМИ боюнча проректор, э.и.к., доцент Д.М.Турсуналиева, ОБ башчысы, э.и.к., доцент А.Т.Сурамбаева, т.и.к., «ФСГИ» кафедрасынын доценти Асантурова Т.А. курамында упайларды эсептөө комиссияда иш алып барышты.

Оюндун жыйынтыгы боюнча бардык турнирдин катышуучуларына активдүү катышкандыгы үчүн сертификаттар тапшырылып, үч байгелүү орунда күчтүү командалар аныкталды:

«Барсбек» командасы III даражадагы диплом менен сыйланды.

«Рух Ордо» командасы II даражадагы диплом менен сыйланды.

“Азаттык” командасы I даражадагы диплом менен сыйланды.

 

Бул интеллектуалдык оюн турниринин бардык катышуучуларын жана жеңүүчүлөрүн куттуктайбыз жана окууңарда мыкты ийгиликтерди каалайбыз!

 

«Философия жана коомдук жана гуманитардык илимдер» кафедрасы