banner

КЭУда “Франкофония жумалыгына” арналган “КАРНАВАЛ”

Новости 10:30 11.04.2024

КЭУда “Франкофония жумалыгына” арналган “КАРНАВАЛ”

2024-жылдын 9-апрелинде, М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө  университетинде (КЭУ ИИУ) аталган окуу жайдын Мамлекеттик, расмий жана чет тилдер кафедрасы, Кыргызстандагы Франция элчилиги жана Бишкектеги Француз Альянсы тарабынан уюштурулган Эл аралык “Франкофония жумалыгына” арналган “КАРНАВАЛ” аттуу маданий иш-чара өткөрүлдү.

Бул салт 18 жылдан бери тынымсыз уланып, уюштуруучусу жана модератору «Мамлекеттик, расмий жана чет тилдер» кафедрасынын француз тили боюнча ага окутуучусу Бектурова Ч.Ж.болуп келет.

Салтанаттуу кечеге Кыргыз Республикасындагы Франция мамлекетинин элчиси Франсуа Делаус мырза жана элчиликтин өкүлдөрү, Кыргызстандагы француз тили мугалимдеринин Ассоциациясынын президенти М.С.Акчекеева, Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын начальниги У.Т. Белекбаев, М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө  университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору А.Т.Кадыралиев жана окуу жайдын профессордук-окутуучулук жамааты, студенттери, ошондой эле, ЖОЖдордон Ж.Баласагын атындагы КУУ, К.Карасаев ат БМУ, КУУнун Кыргыз-Европа факультети, Бишкек шаарындагы №6, №24, №26, №68, №70-гимназия мектептеринин окуучулары жана ата-энелери, ММКнын өкүлдөрү катышты.

Кечеде аталган гимназия мектептеринин окуучулары жана КЭУнун  студенттери француз тилинде көркөм окуу, сценка аткаруу,  макал-лакаптарды айтуу жана француз тилин үйрөнүүгө шыктануу тууралуу ой бөлүшүп, ырларды, бийлерди аткарышты.

Эң мыкты аткарууга сыйлыктар тапшырылды.

Иш чарадан фото-репортаж.