banner

Майкрософттун "Санарип сабаттуулук" курсу студенттерге кыргыз жана орус тилдеринде жеткиликтүү

Новости 13:15 25.01.2024

Майкрософттун "Санарип сабаттуулук" курсу студенттерге кыргыз жана орус тилдеринде жеткиликтүү

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин сунушу менен Майкрасофт компаниясынын санариптик сабаттуулук окуу курсу толук кыргыз тилинде даярдалды. Бул 2022-жылы аталган министрлик жаштардын жана аялдардын санариптик сабаттуулугун жана көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча «Санарип Инсан» долбоорун колдоо чечиминен кийин ишке ашып отурат.

Кыргыз тилиндеги Майкрософт заманбап курсу жарандарга башкалар менен кызматташуу жана маалыматты табуу, колдонуу жана түзүү үчүн түзмөктөрдү, программалык камсыздоону жана интернетти колдонуу үчүн санариптик сабаттуулукка кантип ээ болуу керектигин үйрөтөт. Курс көбүнчө интерактивдүү иш-аракеттерди, викториналарды жана окууну бекемдөө үчүн баалоолорду камтыйт.

 

Бул окуу курсунун актуалдуулугу абдан жогору. Биринчиден, өлкөдө мобилдик интернеттин жайылуу деңгээли жогору болгон менен, жумушка керектүү компьютердик сабаттуулуктун деңгээли өтө начар. Мектептерде саналуу гана сабактар кирбесе, көп маани берилип окутулбайт жана базалык компьютердик сабаттуулук жок. Мунун натыйжасында ЖОЖдорго даярдыгы төмөн абитуриенттер келип, аларга жогорку даражадагы билим берүү кыйындык жаратат.

Экинчиден, интеллектуалдык эмгектин бардык көп акы төлөнүүчү кесиптери  компьютердик көндүмдөр жана бул Word Excel powerpoint кеңсе колдонмолору менен байланыштуу. Демек, жарандардын компьютердик сабаттуулугун жоюсу жана үйрөнүүсү өтө маанилүү. Бул жарандар арасында санариптик ажырымды, айырмачылыкты жоюуга, айыл жаштарын курчутууга, экономикалык мүмкүнчүлүктөргө жол ачат. Андан сырткары, окутуучуларга жана университеттин окутуучуларына кыргыз тилиндеги даяр практикалык презентацияларды жана методикалык материалдарды берилет.  Бул материалдар улуу муун үчүн да пайдалуу болот деп ишенебиз.

Учурдан пайдаланып, коомдун суроо-талабына жараша окуу курстарын даярдап бергени үчүн жана биз менен тыгыз кызматташканы үчүн “Санарип Инсан” долбооруна ыраазычылык билдиребиз.

Окуу материалдарын кийинки шилтеме аркылуу көчүрүп алыныз:

https://drive.google.com/drive/folders/1P4x5u9BseSf2m2De84H1imiNMUJo4Zp2?usp=drive_link