banner

Ректор А.Т.Кадыралиевдин жаңы 2024-жылга куттуктоосу!

Новости 18:45 30.12.2023

Ректор А.Т.Кадыралиевдин жаңы 2024-жылга куттуктоосу!

Урматтуу кесиптештер, мугалимдер жана студенттер,

Жаңы 2024-жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!2023-жыл биз үчүн өзгөчө болду –окуу жайыбыздын негизделгенине 70 жыл жана жогорку кесиптик билим берүү статусуна 25 жыл. Бул мезгилде КЭУ жамааты билим берүү стандарттарын жакшыртууну, илимий-изилдөө иштерин активдүү жүргүзүүнү жана инновация маданиятын өнүктүрүүнү уланттык.

Профессордук курам, сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр жана илимге берилгендигиңиздер университетибиздин интеллектуалдык негизин түзөт. Силердин эмгегиңиздердин арты менен  университетибиздин студенттери билимди гана эмес, ийгиликтүү карьера жана инсандык өнүгүү үчүн зарыл болгон көндүмдөрдү да алышат. Сиздердин жетишкендиктериңиздер келечектеги экономикалык лидерлерди калыптандырууда негизги чыйыр жолду салат.

Студенттер, сиздердин билимге умтулууңуздар, илимий жана коомдук иш-чараларга активдүү катышууңуздар университетибиздин өзгөчө духун түзөт. Жаңы жыл менен баарыбызга жаңы ийгиликтерди, бакубатчылыкты жана чыгармачылык ачылыштарды каалайм. Ар бир күн билим берүү жана илимий ачылыштардын кубанычына толсун жана биргелешкен күч-аракетибиз университетибизди мүмкүнчүлүккө жана прогресске толгон келечекке багыттай берсин.

Майрамыңыздар менен, урматтуу кесиптештер жана студенттер! 2024-жылда да жакындарыңыздар менен аманчылыкта, бакубат өмүр сүрүнүздөр. Жаңы жыл биз үчүн ийгиликтүү аракеттердин, өнүгүүнүн жана өз ара шыктануунун мезгили болсун!

Терең урматым менен, ректор Алмаз Кадыралиев