
Новости 13:00 20.12.2023
Дипломат Муктар Жумалиевдин мейман дарсы
2023-жылдын 7-декабрында «Товар таануу, бажы экспертизасы жана ресторан бизнеси» кафедрасы Э.К. Ɵмуралиев атындагы университеттин Соода саясаты Борбору менен бирдикте «Көп тараптуу соода институттары – сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн техникасы: дипломаттын теориясы жана практикасы» деген темада мейманчылык дарсын уюштурду.
Дарсты интерактивдик жол менен КР Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси, Кыргызстандын АКШ жана Канададагы мурдагы элчиси Муктар Жумалиев өткөрдү.
Дарста башкы көңүл КР кечээ жакындагы жана азыркы кездеги соода саясатына, өлкөнүн Бүткүл дүйнөлүк соода уюмундагы ордуна, ЕАЭБ, КМШ, ЕБ мамлекеттери менен болуп жаткан өз ара соода алакаларына бурулду. Мейманчылык дарсты аталган кафедранын жана «Тышкы экономикалык ишмердик» профилинин студенттери жана окутуучулары угушту.
Зор кызыгуу менен алар суроолор менен мейманга кайрылышып, талкуу жаратышты. Ал суроолордун кээ бири булар: коңшу мамлекеттер менен болуп жаткан өз ара сооданын азыркы абалы жана келечеги, Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү соода өкүлчүлүктөрүндө дипломат болуп иштөөнүн шарттары, дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү соода алакалары боюнча жүргүзүнүн кээ бир өзгөчөлүктөрү ж.б.
Бул дарстын темасынын негизинде кафедранын окуу программаларына кошумча сабакты киргизүү маселеси да талкууланды.
Сүрөттөргө шилтеме
latest_news

XVIII сессия Европейско-Азиатского правового конгресса...
13:00 25.06.2025

Информационная встреча для иностранных студентов и преподавателей...
14:00 24.06.2025

Чемпионы Национальных соревнований Expo 2025
13:00 11.06.2025

EXPO Жаштар Стартаптары 2025 — Улуттук чемпиону!
12:20 11.06.2025