
Новости 17:05 08.12.2023
Малайзиялык окуу пландары боюнча адистерди даярдоо.
Малайзиялык окуу пландары боюнча адистерди даярдоо. Бул тема тегерегинде 2023-жылдын 6-декабрында «Товар таануу, бажы экспертизасы жана ресторан бизнеси» кафедрасынын башчысы, техника илимдеринин доктору, профессор К.А. Алымбеков Rahimah Tan Sri Ibrahim башында жана курамында Muhammad Fathul Islam Yazid, Raja Foriz Raja Eyuddin’ден турган Малайзиянын Билим берүү министрлигинин делегациясы, ошондой эле Кыргыз-малайзия корпорациясынын башкы аткаруучу директору Р.Карымшаков менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга университеттин окуу иштери боюнча проректору, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Д.М.Турсуналиева катышты.
Конокторго университеттин жана кафедранын окуу жана илимий ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди. Эки өлкөнүн тамак-аш азыктарынын сапатын жана коопсуздугун көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча адистерди даярдоо программалары боюнча маселелер талкууланды.
Малайзиянын халал стандарттарынын негизинде халал азыктарынын сапатын көзөмөлдөө үчүн өндүрүш, соода компаниялары жана ресторан бизнеси үчүн адистерди даярдоого өзгөчө көңүл бурулду.
Келечекте талкууланган маселелер боюнча ишкердик кызматташууну улантуу пландалууда.
Иш чарадан сүрөттөр бул шилтемеде.
latest_news

XVIII сессия Европейско-Азиатского правового конгресса...
13:00 25.06.2025

Информационная встреча для иностранных студентов и преподавателей...
14:00 24.06.2025

Чемпионы Национальных соревнований Expo 2025
13:00 11.06.2025

EXPO Жаштар Стартаптары 2025 — Улуттук чемпиону!
12:20 11.06.2025