banner

КЭУ студенттери Моделдик Парламенттин ишине катышты

Новости 09:25 12.12.2023

КЭУ студенттери Моделдик Парламенттин ишине катышты

2023-жылдын 4-декабрынан 10-декабрына чейин М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинин студенттери: Бахрамова Назгүл (ЮР-1-22), Давронбекова Айжан (ЮР-1-22), Жалалидинова Таттыгул (МЭ-1-21), Намазбекова Сауле (ВЭД-1-22) Моделдик Парламенттин ишине катышты. Бул иш чара «Прецедент өнөктөш тобу» коомдук бирикмеси, “Жарандык демилгелер фонду” жана Борбордук Азиядагы Америка университетинин юридикалык факультети менен биргеликте уюштурулган.

Моделдик парламентке Кыргызстандын булуң-бурчтарынан мыкты студенттер, алдыңкы активисттер, коомдук ишмерлер, жаш саясатчылар чогулду. Катышуучуларга депутаттык милдетин аткара ала тургандай платформа түзүлдү. Моделдик Парламент катышуучулар үчүн парламенттин ичиндеги сапаттуу жана жүйөлүү дебаттар кандай болушу керектигин, позицияны коргоо принциптери, процедуралык маселелерди сактоо, жарандардын кызыкчылыктарын сапаттуу көрсөтүү боюнча жогорку деңгээлдеги коомдук мастер-класстын бири болду.

«Моделдик парламент» программасында: парламентаризмдин конституциялык негиздери (Сания Токтогазиева), мамлекеттик бюджет (Бекболот Касаболотов), саясий идеология жана саясий талкуулар (Медет Тюлегенов), негизги пленардык жыйынга даярдык (Сания Токтогазиева) деген темалар боюнча сессиялар камтылган. Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитеттин иши (Ногойбаева Элида жана Матеева Камила), Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият, саламаттыкты сактоо боюнча комитеттин иши (Гүлназ Нааматова жана Каныкей Касыбекова), Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракет боюнча комитети (Динара Асанбаева) иш алып барышты.

М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинин студенттери моделдик парламенттин ишине активдүү катышып, сертификаттарга ээ болушту.

Бизнес жана укук кафедрасынын доценти Тайлакова С.Дж.