banner

КЭУда Бүткүл дүйнөлүк Коррупцияга каршы күрөшүү күнү белгиленди

Новости 12:50 11.12.2023

КЭУда Бүткүл дүйнөлүк Коррупцияга каршы күрөшүү күнү белгиленди

8-декабрда, Бүткүл дүйнөлүк Коррупцияга каршы күрөшүү күнүнө карата М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинде профессордук- окутуучулук курам жана 1-3 курстун студенттери катышкан атайын иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чараны КЭУнун “Мугалимдердин этикасы жана коррупцияга каршы аракеттенүү” боюнча комиссиясынын жетекчиси, э.и.д., профессор Б.Т.Токсобаев ачып берди. Биринчи проректор, доцент Д.М.Турсуналиева катышуучуларга кайрылуу сөзүн айтты.

Андан соң билим берүү жана илим тармагындагы стратегиялык иш-чаралардын планы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкер кеңешинин мүчөсү, т.и.д., профессор К.А. Алымбеков иш чаранын маанилүүлүгүнө токтолду.

Башкы прокуратуранын Аскердик прокуратурасынын Башкы тергөө башкармалыгынын башчысынын орун басары, полковник Ажибаев Нурбек Жаныбекович “Коррупцияны токтоткула” деген темада коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык инструменттери боюнча лекция окуду.

Иш-чаранын жыйынтыктоочу бөлүгүндө коррупцияга каршы күрөшүү темасында викторина, кейстер жана дил баяндардын жеңүүчүлөрүнө эстелик белектерди жана акчалай сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү.

Толук маалымат үчүн шилтеме