Новости 14:00 11.12.2023
Ректор Бакуда өткөн II Эл аралык илимий конференциянын ачылышында сөз сүйлөдү
М. Рыскулбеков атындагы КЭУ ИИУнун ректору Алмаз Кадыралиев 8-9-декабрда Мингачевир мамлекеттик университетинде (Баку, Азербайжан) өткөн II Эл аралык илимий конференциянын ачылышында сөз сүйлөдү.
Конференция “Туруктуу өнүгүү стратегиясы: глобалдык тенденциялар, улуттук тажрыйба жана жаңы максаттар” деген темада маселелердин кеңири чөйрөсү, анын ичинде туруктуу экономикалык өнүгүүнүн глобалдык тенденциялары, экологиялык туруктуулук, социалдык-экономикалык өнүгүү жана башка көптөгөн нерселер камтылган.
Азербайжан элинин улуттук лидери Гейдар Алиевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган конференцияга дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн окумуштуулар жана эксперттер чогулуп, туруктуу өнүгүү стратегиясы жаатындагы актуалдуу маселелерди талкуулашты.
Белгилей кетсек, КЭУ конференциянын уюштуруучуларынын бири болуп саналат.
latest_news
Экономикалык моделдөө жана талдоо борбору (ЦЭМиА)
14:00 08.04.2026
Гостевая лекция в рамках «Global Money Week – 2026» ...
13:50 03.04.2026
Лучшие студенты Центральной Азии
15:10 31.03.2026
ЕСУ в Минске: Наука, образование и сотрудничество
15:25 30.03.2026