banner

«Балдардын укугун коргоочулар лигасы» КФнын директорунун мейман лекциясы

Новости 12:30 08.12.2023

«Балдардын укугун коргоочулар лигасы» КФнын директорунун мейман лекциясы

2023жылдын 6-декабрында «М.Рыскулбеков атындагы КЭУ» ИИУнун чоң жыйындар залында жыл сайын өткөрүлүүчү “Үй бүлөлүк зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк” акциясынын алкагында «Балдардын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фондунун директору Турдубекова Назгул Усеновнанын мейман лекциясы өткөрүлдү. Акция  2023-жылы “Бириккиле! Аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун алдын алууга кам көрөбүз!” урааны алдында өтүүдө.

Лекция университетин 1-курсунун студенттери үчүн адам укуктарынын жалпы декларациясынын 75 жылдыгына, Балдардын укуктары боюнча конвенциянын кабыл алгандыгынын 34 жылдыгына карата презентация түрүндө окулду. Конок лекциясынын учурунда окутуучулар жана студенттер тарабынан балдардын укуктарынын бузулушу, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, аялдардын укуктары, өспүрүмдөр арасындагы рэкетчилик, чыр-чатактар жана аларды чечүүн жолундагы актуалдуу маселелер боюнча суроолор берилди.

Н.Турдубекова ошондой эле студенттер волонтерлордун катарын толуктап, балдардын укуктарын коргоого жана аны  илгерилетүүгө багытталган долбоорлорго жана программаларга активдүү катыша аларын белгиледи. Өз учурунда, студенттер ыктыярчы болууга каалоолорун билдиришти.

“Жаштар саясаты, маркетинг жана чыгармачылык өнүктүрүү” департаментинин директору Айтбосунова С.Т. менен бирге “Балдардын укугун коргоочулар лигасы” коомдук фондунун директору Турдубекова Н.У. балдардын жана аялдардын укуктарын жана зордук-зомбулуктан коргоого багытталган жана аны илгерилетүүгө мындан аркы келечектүү иш-чаралардын негизги кадамдарын талкуулашты.

Бул иш чараны Философия жана социалдык-гуманитардык илимдер кафедрасы жана “Жаштар саясаты, маркетинг жана чыгармачыл өнүктүрүү” департаменти менен биргеликте уюштурду.