banner

КР орто билим берүү мекемелериндеги академиялык мобилдүүлуктун көйгөйлөрү

Новости 22:50 19.10.2023

КР орто билим берүү мекемелериндеги академиялык мобилдүүлуктун көйгөйлөрү

2023- жылдын 19-октябрында Илимий- изилдөө университети Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Илимий-изилдөө Университетинин 70 жылдыгынын негизделишине арналган  Экономика жана Сервис колледжинде “Кыргыз Республикасынын орто билим берүү мекемелериндеги академиялык мобилдүүлуктун көйгөйлөру ” деген темада Тегерек стол өткөрүлдү. 

Тегерек столдун максаты: орто кесиптик билим берүү системасындагы Кыргызстандын заманбап билим берүү тармактарындагы академиялык мабилдүүлүктун ролун, келечегин талкулоо.

Тегерек столдун милдети: орто билим беруу мекемелериндеги академиялык мабилдүүлүктүн актуалдуу маселелерин жана көйгөйлөрүн аныктоо. Академиялык мабилдүүлук боюнча окутуучулар менен студенттердин алмашуусундагы потенциалдуу келишимдерди түзүү.

  Тегерек столдун ардактуу коноктору баяндамалары менен чыгышты.

  1. Токсобаева Бактыгуль Асановна, э.и.д. профессор, аккредитация жана сапаттуу рейтинг Агентствосунун директору.

2.Кошоева Бибикуль Бейшенбековна к.т.н доцент, Көз карандысыз аккредитация, рейтинг жана сертификация институнун төрайымы.

  1. Карачалов Элдияр Разылбекович, Кыргызстандын өнөр жай курулуш материалдарынын куруучулар профсоюзунун төрагасы.

       Тегерек столго төмөнку орто билим берүү мекемелеринин директорлору, директордун орун басарлары, өкулдөрү катышты: Баткен мамлекеттик университетинин көп тармактуу колледжи; Талас Мамлекеттик университетинин колледжи; М. Ибрагимов атындагы Кара-балта техникалык-экономикалык колледжи; Россия Федерациясынын биринчи Президенти Б.Н. Ельцин атындагы  Кыргызстан-Россия (словян) университетинин колледжи; Бишкек Архитектура жана Менеджмент курулуш колледжи; Кыргыз Республикасынын И.Э.Алиев атындагы ИИМдин академиясы; Жусуп Баласагын атындагы КУУнун кесиптик колледжи; А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык колледжи; Токмок индустриялдык-педагогикалык колледжи; Бишкек иновациалдык колледжи; К.Карасаев атындагы БМУ колледжи; И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиация Институнун колледжи; Эмгек жана социалдык мамилелер академиясынын профсоюздар кесиптик колледжи; С.Ибраимов атындагы Агротехникалык колледжи, ж.б.

Тегерек столдун сонунда  академиялык мобилдуулук жаатында мындан аркы кызматташуу боюнча колледждер менен университеттердин  ортосунда жыйынтыктоолор чыгарылып келишимдер түзүлду.

Иш чарадан сүрөттөргө шилтеме.