banner

КЭУда “Тил – улуттун жана мамлекеттин башаты” аттуу кереге кеңеши өткөрүлдү

Новости 20:00 18.10.2023

КЭУда “Тил – улуттун жана мамлекеттин башаты” аттуу кереге кеңеши өткөрүлдү

М.Рыскулбеков атындагы КЭУ ИИУнун 70 жылдыгына жана Кыргыз
Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча
улуттук комиссия жарыялаган “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталышындагы
мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында 2023-жылдын 18-октябрында саат 10:00дө
М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинде “Тил
– улуттун жана мамлекеттин башаты” аттуу кереге кеңеши өткөрүлдү.


Кереге кеңештин максаты: мамлекеттик тилибиздин бүгүнкү абалы жана
окутуунун учурдагы актуалдуу көйгөйлөрүн жана аны чечүүнүн жолдорун талкуулоо,
Ч.Айтматовдун 95 жылдык мааракесин утурлай залкар жазуучунун чыгармачылыгын
студенттерге жайылтууга арналды.
Иш-чараны М.Рыскулбеков атындагы КЭУ ИИУнун Мамлекеттик, расмий жана чет тилдер
кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Н.Ж.Жапаралиева ачып, келген конокторго куттуктоо
сөзүн узатты.


Кереге кеңешке М.Рыскулбеков атындагы КЭУ ИИУнун ректору, А.Т.Кадыралиев, КРнын
Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын
төрагасынын орун басары Ж.К.Орозобекова, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин
мамлекеттик тил жана китеп чыгаруу секторунун башчысы А.Мамытов, “Кыргыз тест”
мамлекеттик мекемесинин жетекчиси Батма Болоталиевна Топоева-Ставинская, КРнын Улуттук
илимдер академиясынын академиги, филология илимдеринин доктору, профессор, КРнын
УИАсынын корреспондент-мүчөсү, академик А.А Акматалиев, КРнын Жазуучулар союзунун
мүчөсү Поэзия ордосу көркөм-адабий коомдук бирикменин жетекчиси, акын, жазуучу Клара
Ниязова, М.Рыскулбеков атындагы КЭУ ИИУнун товар таануу, товарды эксперттөө жана ресторан
бизнеси кафедрасынын башчысы т.и.д., профессору К.А.Алымбековдор кыргыз тилинин бүгүнкү
күндөгү көйгөйлөрү тууралуу кеңири айтып өтүштү.


И.Раззаков атындагы КТУнун С.Жусуев атындагы Мамлекеттик тил борборунун
директору, ф.и.к., доцент Жумакадырова Карлыгач Мамбетжумаевнанын “Мамлекеттик тилди
гуманитардык эмес окуу жайларда окутуудагы айрым маселелер”, М.Рыскулбеков атындагы КЭУ
ИИУнун мамлекеттик, расмий жана чет тилдер кафедрасынын окутуучусу Ашырова Нургүл
Саякбековнанын “Эне тилинде сүйлөбөгөн адам Ата-Журтунда жүрбөгөн менен барабар”
баяндамалары менен чыгып сүйлөштү.


М.Рыскулбеков атындагы КЭУ ИИУнун мамлекеттик, расмий жана чет тилдер кафедрасы
тарабынан уюштурулуп өткөрүлгөн 72 саат көлөмүндө Кыргыз тили курсун ийгиликтүү
аяктагандыгы үчүн М.Рыскулбеков атындагы КЭУ ИИУнун профессордук-окутуучулук
жамаатына тастыктамалар тапшырылды.


Кереге кеңештин соңунда кеңештин резолюциясы кабыл алынды.