banner

"Заманбап санариптик технологиялардагы инновациялар: тенденциялар, чакырыктар жана перспективалар"

Новости 16:10 03.10.2023

"Заманбап санариптик технологиялардагы инновациялар: тенденциялар, чакырыктар жана перспективалар"

2023-жылдын 29-сентябрында М.Рыскулбеков атындагы КЭУ ИИУда  экономика илимдеринин кандидаты, доцент М.О. Аманалиеванын жаркын элесине арналган "Заманбап санариптик технологиялардагы инновациялар: тенденциялар, чакырыктар жана перспективалар" аттуу  эл аралык илимий-практикалык конференция «Санариптик экономика жана программалоо»  жана «Экономикалык, математикалык ыкмалар жана статистика» кафедрасы  тарабынан ѳткѳрүлдү.

Конференциянын ачылышында М.Рыскулбеков атындагы КЭУ ИИУнун ректору,  Кадыралиев А.Т., сөз сүйлөдү. Ал ѳзүнүн сѳзүндѳ  Махабат Аманалиеванын жаш ѳмүрүндѳгү тынымсыз эмгегин жана илим билим тармагындагы салымын баса белгилеп кетти. Конференциянын жүрүшүндѳ жарыш сөздѳрү менен окуу жайдын илим жана мамлекеттик тил боюнча проректору э.и.к., профессордун милдетин аткаруучу Г.Т.Супаева, КЭУнун илимий консультанты, э.и.д., профессор Атышов К.А.,   КР Президентине караштуу Ж. Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын кошумча билим берүү боюнча проректору,  ю.и.д., доцент Аманалиев У.О. чыгып  сүйлѳштү.

КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин грифи менен жарык көргөн "Электрондук бизнес" аттуу окуу куралынын авторлору: М.О.Аманалиева жана Жапаралиева Н.Ж. менен бирдикте жазылган окуу куралдын бет ачары боюнча  авторлош болгон п.и.к., доцент, мамлекеттик, расмий жана чет тилдер кафедрасынын башчысы Жапаралиева Н.Ж. чыгып сүйлѳдү.

Пленардык отурумга 100дѳй ашык адам катышып, тѳмѳндѳгүдѳй пленардык докладдар окулду:

  1. Электрондук билим берүү ресурстарынын жалпы билим берүүдө билим сапатын жогорулатуудагы ролу» деген доклады менен профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук мектеп-лицейинин директору, п.и.к. Касымалиев М.У.;
  2.   «Новые профессии будущего» ИИУ “М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун “Санариптик экономика жана программалоо” кафедрасынын доценти, т.и.к. Керимкулов Т.К.;
  3.  «Использование экономико-математических моделей для цифровизации сельского хозяйства»  ИИУ “М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун “Экономикалык, математикалык ыкмалар жана статистика” кафедрасынын доценти, э.и.к. Абышов И.С.
  4.   «Востребованные кадры в IT» - КРдин Жогорку технологиялар паркынын резиденттер менен байланыштар боюнча менеджери Эшмамбетова Ж.

 Ал эми  видеокайрылуу менен: «Экологиянын жана экономиканын айрым маселелеринин интегралдык моделдери» деген тема менен ОМУнун «Бизнес-информатика жана экономикадагы математика» кафедрасынын башчысы, доцент, ф-м и.к. Бекешев Т.О. баяндама жасады.

Пленардык отурумда чыгып сүйлѳгѳндѳр ѳздѳрүнүн докладдарында санариптик  технологияларды  өнүктүрүү, экономикадагы математикалык моделдерди түзүү жана заманбап адистерге коюлган талаптар, сапаттуу билим берүүдѳгү көйгөйлөрүнүн масштабы жана актуалдуулугун толук чагылдырышкан.

Пленардык докладдардын соңунда 2 секциянын иши уюштурулуп, анда санариптештирүү технологиялары, санариптик экономиканын математикалык ыкмаларын, кубулуштардын процессинин  ар кандай аспектилеринин кеңири чөйрөсүн чагылдырган 55 баяндама угулду. Алардын ичинен Ж.Баласагын атындагы КУУнун, И.Раззаков атындагы КМТУнун, К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун, Бишкектеги ИКУнун, Россиянын тунгуч президенти Б.Н. Ельцин атындагы  КРСУнун студенттери, магистранттары  жана профессордук окутуучулук курамы да маанилүү илимий баяндамаларын жасашты.

 Секцияда эң кызыктуу илимий баяндамасы менен чоң талкууга алынган докладдар: «Электронный бизнес в КР: проблемы и возможности его развития» Россиянын тунгуч президенти Б.Н. Ельцин атындагы  КРСУнун студенти Бакиров Д. А. (жетекчиси: э.и.к., доцент Асанбекова А.А), Ж.Баласагын атындагы КУУнун студенттери Кайдылдаева А., Октяброва Диана (жетекчиси  ага окутуучу Жунушалиева Б.А.); ИИУ КЭУнун студенттери Самакова А., Мамбетова А.(жетекчи Касмалиев Т.К.) Таалайбек кызы Зейнеп (жетекчи Ногоева Г.Д.), ж.б.

Конференциянын модераторлору жана катышуучулары талкууга сунушталган прикладдык илимий баяндамалардын илимий маанисин белгилешип, жаш окумуштуулардын илимди жана изилдөөлөрдү актуалдаштырууга кошкон салымына оң баа беришти. Жыйындын соңунда мыкты баяндамачылар I, II, III даражадагы дипломдор менен сыйланышып, катышуучуларга сертификаттар, жетекчилерге ыраазычылык каттары тапшырылды.

Белгилей кетсек, ушул күнү Махабат Олжобековнанын жаркын элесине арналган “Санариптик экономика” кабинети ачылды. Ачылышка окуу жай жетекчилиги  жана маркумдун ата-энеси, жакындары катышты.