banner

Ректор студенттик мобилдүүлүк менен СПбГЭУ и РАНХиГСтен келген студенттер менен жолукту

Новости 16:50 21.02.2023

Ректор студенттик мобилдүүлүк менен СПбГЭУ и РАНХиГСтен келген студенттер менен жолукту

2023-жылдын 21-февралында М.Рыскулбеков атындагы ИИУ КЭУ ректору Кадыралиев Алмаз Токтобекович студенттик мобилдүүлүк менен СПбГЭУ и РАНХиГСтен 2022-2023-окуу жылынын жазгы семестринде билим алууга келген студенттер менен жолукту.

Жолугушууда университет жетекчиси студенттер менен таанышып, шаар турмушуна, климатына көнүүсүн сурап, окуу жайда түзүлгѳн мүмкүнчүлүктѳр жана окуу методикасына канааттануу деңгээлине да кызыкты.

Өз учурунда студенттер, келээр алдында “мени кандай кабыл алышат, тил табыша аламбы” деген кооптонуулары бекер болгонун айтып, мугалим жана тайпалаштары менен достук, сый мамиледе окуу процесси көңүлдүү уланып жатканын билдиришти.

Студенттер КЭУ да үзгүлтүксүз илимий конференция, семинарларлардын  уюштурулушу жана студенттерди жигердүү катышуу мүмкүнчүлүгү, адистигин тереңдеп билүүгө шыктандыраарын баса белгилешти.

Telegram