
Новости 09:00 20.02.2023
КЭУ жана Дебрецен Университети ортосунда кош диплом берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун Венгрияга болгон расмий иш сапарынын алкагында, 13-14-февралда Будапешт шаарында кыргыз жана венгер университеттеринин ректорлорунун биринчи форуму өттү. Ага Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Илимий-Изилдөө Университетинин(ИИУ КЭУ) ректору Кадыралиев Алмаз Токтобекович катышты.
Кыргызстандагы мамлекеттик ЖОЖдор арасында, КЭУ экономика жана туризм багытында англис тилинде билим берген жалгыз университет. КР Билим берүү жана илим министрлиги уюштурган бул иш чара алкагында КЭУ беш венгер ЖОЖу менен кызматташуу меморандумуна кол койду. Жетишилген келишимдерге ылайык, эми КЭУ студенттеринин эл аралык деңгээлде билим алуу мүмкүнчүлүктөрү дагы кеңейет.
Иш сапар жүрушүндө Кадыралиев А.Т Европадагы эң байыркы жана абройлуу жогорку окуу жайлардын бири Дебрецен Университетине (University of Debrecen, 1538-у.) атайын чакыруу менен барды. Негизги популярдуу багыттарынын бири экономика факультети болгон Дебрецен Университетинде аны проректор проф.др. Карой Петё жылуу тосуп алды. Окуу мекеменин ишмердүүлугу менен тааныштырылып, соңунда бир катар артыкчылыктуу келишимдерге кол коюлду.
- Алсак, Дебрецен Университи жана КЭУ ортосунда «Кош диплом системасын» кыска убакыт ичинде киргизүү макулдашылды.
- Ошондой эле, мугалимдер жана студенттер үчүн академиялык мобилдүүлүк боюнча кызматташууга жетишилди.
Венгрия мамлекеттик стипендиясы менен Дебрецен Университетинде учурда кыргызстандык элүүдөй студент билим алууда. Аталган ЖОЖго сапарынын алкагында ректор Кадыралиев А.Т мекендештерибиз менен жолугууга да үлгүрдү.
Андан тышкары, экономикалык багыттагы Корвинус университетинин(Corvinus University of Budapest)ректору проф. Такац Елод менен жолугушуу өтүп, кызматташуу багыттары боюнча суйлөшүүлөр жүрдү.
latest_news

Греко-римский триумф: семь медалей для НИУ КЭУ
13:05 17.04.2025

КЭУ ИИУнун өкүлдөрү эл аралык илимий конференцияга салым кошту...
12:00 15.04.2025