banner

Комузду дүйнө элине тааныткан туризм адиси Бекназар Бакыт уулу

Новости 17:00 16.02.2023

Комузду дүйнө элине тааныткан туризм адиси Бекназар Бакыт уулу

Бизде жаңы рубрика: "Сыймыктуу бүтүрүүчү"
Анын алгачкы каарманы Бекназар Бакыт уулу. Назарыңыздарга сыймыктуу бүтүрүүчүбүздүн ийгилигин сунуштайбыз.

"Мен Бекназар Бакыт уулу КЭУ да Туризм багытында билим алдым. (Т-1-16). Учурда MSC Cruises компаниясында ресепшнда иштейм. Жумушум деңиздин үстүндө. Италия, Испания, Португалия, Англия, Бельгия,Германия, Голландия , Греция, Франция, Израиль, Кипр ж.б өлкөлөрдү аралап жүрдүм".

Видео боюнча . "Лайнердин ичинде келген меймандарга “Таланттар шоу” концерти бар, ошол жакта бир аптада бир жолу дүйнөнүн ар тарабынан келген конокторго комуз чертип Кыргызстан жөнүндө маалымат дагы берем".

"Студенттерге кеңешим, аракет кылсаңар көп мүмкүнчүлүктөр пайда болот. Өзүңөргө болгон ишенимди арттырып, эмгектене бериңиздер".

Социалдык тармакта ИИУ КЭУ.

Telegram