banner

ИИУ КЭУ жана СПбМЭУ кызматташтыгын көп тармактуу өнүктүрүүдө

Новости 14:55 25.01.2023

ИИУ КЭУ жана СПбМЭУ кызматташтыгын көп тармактуу өнүктүрүүдө

24-январда М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий изилдөөчү университетинде окуу жайдын ректору Кадыралиев Алмаз Токтобекович жана окуу усулдук иштер боюнча проректору Турсуналиева Динара Мухтаровна баштаган профессордук-окутуучулук курамы Санкт-Петербург мамлекеттик экономика университетинин эл аралык кызматташуу боюнча проректору Василенко Дмитрий Вадимович менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өздөрүнүн окуу жайларындагы акыркы окуялар жана жаңылануулар менен алмашып, ИИУ КЭУ мененСПбГЭУ ортосундагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн аныкташты.Тактап айтканда, тараптар программалык жана илимий-изилдөө ишмердүүлүгүндөгү өнөктөштүктү кеңейтүүгө кызыкдар болушту.

 Жыйында мугалимдердин жана магистранттардын мобилдүүлүгүн жогорулатуу максатында, модульдук окутууга, тажрыйба алмашууга бир же эки апталык мөөнөткө жөнөтүп-кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Василенко Д.В. Санкт-Петербург мамлекеттик экономика университетинин Туризм кафедрасынын студенттери практика үчүн Ысык-Көлгө келүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи.

Эки окуу жай лекцияларды санариптештирип экономика жаатында онлайн платформа түзүү жолдорун талкуулашты.

Эске салсак, СПбГЭУ менен ИИУ КЭУ Кызматташуу келишимине 2022-жылдын, 1-декабрында кол коюшкан жана аны түрдүү багытта өнүктүрүүдө.