banner

КЭУ ИИУнун студенттери «Китепкана түнү – 2026» иш-чарасына катышты

Новости 11:15 02.06.2026

КЭУ ИИУнун студенттери «Китепкана түнү – 2026» иш-чарасына катышты

2026-жылдын 28-майында Кыргыз Республикасынын А. Осмонов атындагы Улуттук китепканасында «Китепкана түнү - 2026» аттуу  коомдук-маданий иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен уюштурулуп, анын алкагында китеп окуу маданиятын жайылтуу жана улуттук маданий мурастарды даңазалоо иштери каралган.

Аталган маанилүү маданий акцияга М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинин китепкана жетекчиси А.С. Кармышакова жана окуу жайдын студенттери катышты.

Иш-чаранын ачылуу аземи манасчы З. Баялиевдин аткаруусундагы «Манас» эпосунун «Чоң казат» үзүндүсү менен башталып, андан соң катышуучулар атайын уюштурулган китеп көргөзмөсү, маданий жана чыгармачылык программалар менен таанышышты.

Окуу жайдын өкүлдөрүнүн бул маданий акцияга катышуусу студенттердин интеллектуалдык деңгээлин көтөрүүгө шарт түзүп, китеп окууга болгон кызыгуусун арттырууга жана улуттук баалуулуктарды терең өздөштүрүү менен руханий-маданий жактан өнүгүүсүнө өбөлгө болду.

Telegram