banner

М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети эл аралык деңгээлдеги иш-чараларга активдүү катышууну улантууда

Новости 09:30 26.04.2026

М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети эл аралык деңгээлдеги иш-чараларга активдүү катышууну улантууда

2026-жылдын 23-апрелинде Москва шаарындагы «Россия» улуттук борборунда өткөн II эл аралык коомдук-ишкердик «Евразия — салттуу баалуулуктардын аймагы» форумуна "М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык" илимий-изилдөө университетинин өкүлү катышты.

Форум АНО «Евразия» уюмунун эки жылдыгына карата уюштурулуп, Евразия континентинен 10дон ашуун өлкөдөн келген 1000ден ашык катышуучуну бириктирди.

Иш-чарада университеттин атынан экономика жана укуктук маселелер боюнча проректор, экономика илимдеринин кандидаты, профессор Абышов Ильгиз Сабырбекович катышып, евразиялык интеграция, гуманитардык кызматташтык жана салттуу баалуулуктар маселелерине арналган талкууларга салым кошту.

Университет өкүлүнүн бул эл аралык иш-чарага катышуусу окуу жайдын евразиялык мейкиндиктеги илимий-билим берүү кызматташтыгын өнүктүрүүдөгү активдүү позициясын, ошондой эле аймактын экономикалык жана укуктук өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери боюнча конструктивдүү диалогду калыптандырууга кошкон салымын тастыктайт.

Форумдун жүрүшүндө катышуучулар Евразия өлкөлөрүнүн өз ара кызматташуусун чыңдоо перспективаларын, билим берүү мекемелеринин маданий мурастарды сактоодогу жана жалпы баалуулуктарды илгерилетүүдөгү ролун, ошондой эле эл аралык кызматташууну кеңейтүү механизмдерин талкуулашты.

«М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык» илимий-изилдөө университети илимди, билим берүүнү жана интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө багытталган эл аралык демилгелерге активдүү катышууну улантып, Кыргызстандын алдыңкы илимий-билим берүү борборлорунун бири катары өз позициясын бекемдөөдө.

 

 

Telegram