Новости 17:25 24.01.2023
ИИУ КЭУ жана Бишкектеги ЕККУ Академиясы ортосунда кызматташуу келишими түзүлдү
Бүгүн, 24-январда М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Илимий Изилдөө Университети (ИИУ КЭУ) менен Бишкектеги Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун(ЕККУ) Академиясы ортосунда эки тараптуу кызматташуу жөнүндө келишими түзүлдү.
Бул иш-чара окуу жайыбыздын “Карьера борбору” тарабынан уюштурулду.
Меморандумга КЭУнун ректору Кадыралиев А.Т. жана ЕККУ Академиясынын директорунун милдетин аткаруучу И.С.Сатаркулова кол коюшту.
Меморандумда экономика тармагындагы адистер менен алмашуу каралган. Кызматташтыктын башка негизги багыттары биргелешкен илимий долбоорлорду, семинарларды жана конференцияларды өткөрүү, ошондой эле китепкананын маалыматтык ресурстарын жана илимий басылмаларды алмашууну камтыйт.
Жолугушуунун соңунда тараптар ИИУ КЭУ менен ЕККУ Академиясынын кызматташуусу эки тараптын окумуштуулары жана студенттери үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип, билим жана тажрыйба алмашуу үчүн жаңы багыттарды ачып жатканын белгилешти.
Белгилей кетсек кетсек, ЕККУнун Бишкектеги Академиясы 2002-жылы ЕККУ менен КР өкмөтүнүн ортосундагы кызматташтыктын натыйжасында түзүлгөн институт болуп саналат. Академия жогорку билим берүү, кесиптик даярдоо жана интеллектуалдык алмашуу аркылуу ЕККУнун принциптерин жана баалуулуктарын жайылтат.
latest_news
Орозо айт майрамыныздар менен
10:15 20.03.2026
Кыргыз тили сабагында студенттер арасында актуалдуу дебат өттү...
17:30 13.03.2026
Кыргыз коомунун өнүгүшүндөгү даанышман Ишеналы Арабаевдин ролу...
16:00 13.03.2026