Новости 14:50 27.09.2024
“Экономикалык ойдун өнүүгүүсү: изилдөөлөр жана чечүү жолдору” темасындагы эл аралык илимий-практикалык конференциянын жыйынтыгы
2024-жылдын 26-сентябрь күнү Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинде (КЭУ ИИУ) “Экономикалык ойдун өнүгүүсү: изилдөөлөр жана чечүү жолдору” темасындагы эл аралык илимий-практикалык конференциянын жыйынтыгы болуп өттү.
Конференция Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана экономика илимдеринин доктору, профессор Т.К. Камчыбековдун 75 жылдык мааракесине арналды. Конференция Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Россия жана ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн ЖОЖдорунун алдыңкы окумуштууларын, эксперттерин, окутуучуларын жана ректорлорун бириктирди.
Конференция университеттин чоң жыйындар залында салтанаттуу ачылыш менен башталып, анда негизги баяндамачылар жана ардактуу коноктор Кыргызстандын тарыхы менен анын азыркы экономикалык өнүгүүсүнүн ортосундагы байланышты талкуулашты. Баяндамачылар жана катышуучулардын катарында жогорку бийлик өкүлдөрүнүн, көрүнүктүү окумуштуулардын жана эксперттер бар:
* Акылбек Үсөнбекович Жапаров - Министрлер Кабинетинин төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси, экономика илимдеринин доктору, профессор;
* Супаналиев Бекжан Төрөбаевич-Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары;
* Данияр Жолдошевич Амангелдиев-Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри;
* Рустам Эмильжанович Асизбаев-Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын (УАК) төрагасынын милдетин аткаруучу, экономика илимдеринин доктору, профессор;
* Бактияр Жеңишбекович Алиев-Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы, экономика илимдеринин кандидаты;
* Сергей Николаевич Бабурин - Россия тынчтык фондунун башкармалыгынын төрагасы, юридика илимдеринин доктору;
* Алмаз Токтобекович Кадыралиев- М. Рыскулбеков атындагы КЭУ ИИУнун ректору., экономика илимдеринин доктору, профессор;
* Төлөбек Кадыралиевич Камчыбеков- М. Рыскулбеков атындагы КЭУ ИИУнун Ардактуу ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор;
* Сыргак Капарович Кыдыралиев- М. Рыскулбеков атындагы КЭУ ИИУнун Ардактуу профессору. экономика илимдеринин доктору, профессор.
Конференциянын негизги аспекттеринин бири Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун тарыхын Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө карай жолдогу негизги этап катары талкуулоо болду. Катышуучулар Улуттук иденттүүлүктүн жана мамлекеттин туруктуулугунун булагы катары коомдун эс тутумунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Пленардык отурумдардын жана панелдик дискуссиялардын жүрүшүндө билим берүүдөгү жана илимдеги интеграциялык процесстер, экономикалык өнүгүүдөгү билим берүүнүн ролу жана санариптик трансформация шарттарындагы экономикалык коопсуздук сыяктуу маанилүү маселелер каралды. Катышуучулардын тыянактары жана сунуштары конференциянын резолюциясында белгиленген. Негизги пункттардын арасында:
- Кыргыз Республикасы XXI кылымда: актуалдуу чакырыктар
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгы өлкөнүн Эгемендүүлүгүнө жана суверентеттүүлүгүнө карай маанилүү этаптын символу болуп калды. Катышуучулар туруктуу өсүштү камсыз кылуу үчүн Кыргызстандын эл аралык экономикалык процесстерге стратегиялык катышуусун өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.
- Санариптик трансформациядагы экономикалык коопсуздук
Санариптештирүү жаңы мүмкүнчүлүктөрдү да, тобокелдиктерди да алып келет. Киберкоопсуздук, маалыматтарды коргоо жана санариптик теңсиздикти жоюу маселелерин камтыган бир нече артыкчылыктуу багыттар белгиленди. Калктын финансылык жана техникалык сабаттуулугун өнүктүрүү зарылчылыгы да стратегиялык жактан маанилүү деп табылды.
- Экономикалык өсүштө билим берүүнүн ролу
Билим берүү экономикалык прогресстин негизги фактору катары таанылган. Мамлекет билим берүү системасы менен эмгек рыногунун ортосундагы байланышты күчөтүп, билим берүү программаларына инновацияларды киргизип, ЕАЭБ жана КМШ ЖОЖдорунун ортосундагы кызматташтыкты активдештирүүсү зарыл экендиги баса белгиленди.
- Экономикалык изилдөөлөрдөгү инструменталдык методдор
Изилдөөдө математикалык методдорду активдүү колдонуу маанилүү, бул болжолдоолордун тактыгын жогорулатууга жана тыянактарды негиздүү кылууга мүмкүндүк берет.
- Климаттын күн тартиби жана жашыл экономикаКатышуучулар экологиялык жактан туруктуу экономикага өтүү, улантуу зарылдыгын белгилешти. Негизги багыт катары жашыл технологияларды киргизүү жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын колдоо баса белгиленди.
- Азык-түлүк коопсуздугу
Тамак-аштын сапаты маселеси курч бойдон калууда. Продукциянын коопсуздугуна контролду күчөтүү, айыл чарба продукциясын сактоо жана ташуу инфраструктурасын жакшыртуу боюнча чаралар сунуш кылынды.
Конференция экономикалык өнүгүүнүн актуалдуу маселелерин чечүүгө жана илимий байланыштарды чыңдоого жогорку кызыгууну көрсөттү. Бардык тыянактар жана сунуштар мамлекеттик органдарга жөнөтүлүп, алдыңкы илимий журналдарда жана ЖМКларда жарыяланат.
latest_news
В КРСУ прошла лекция по дисциплине «Теория государства и права»...
17:25 19.11.2024
НИУ КЭУ принял участие в работе международного симпозиума...
09:10 19.11.2024